4-октябрда борбор калаабыздагы маалымат агенттиктеринин биринде «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсү Ч. Жамгырчиева маалымат жыйынын өткөрүп, «Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын президенти болгонго татыксыз» деп билдирди.
Анын айтымында Б. Төрөбаев өзүнүн позициясы жок жана жарандардын ишенимин алдоодо. «Ал адегенде Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков менен бирикти, андан соң Өмүрбек Бабанов менен биригип алды. Б. Төрөбаев Ө. Бабанов менен өзүнүн облустардагы штабдарынын жана үгүтчүлөрүнүн иштерине акы төлөө үчүн каражаты жетишпей калганынан улам кошулду», — дейт ал.
Мына ушундай туруксуздугу жана жарандардын ишенимин алдаганы үчүн Б. Төрөбаев өзүнүн талапкерлигин алып салышы керек дейт Жамгырчиева. Ал буга чейин «Арча-Бешик» конушу боюнча талапкердин өкүлү болуп, аны колдоо үчүн шайлоочулардын колун топтогон. Ал өзүнүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын анык мүчөсү экендигин тастыктаган күбөлүгүн да журналисттерге көргөздү.
Демек, Бакыт мырзанын позициясынын жоктугу, бирде бул жээкке, бирде тигил жээкке секире бермей адаты анын өзүнүн тарапташтарынын да нааразычылыгын жарата баштаган экен. Эл тараза, эл сынчы деген ушул эмеспи.
.