— Бакыт мырза, президент Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында “КСДП талапкер сунуштабаганда Өмүрбек Бабановду колдомокмун” деп айткан. Өлкө башчысынын бул сөзүн айрымдар “президент Жээнбековду эмес Бабановду колдойт экен” деп бурмалап жаткандай. Сиз да ошол жерде отурдуңуз эле, Атамбаев бул кепти кандай мааниде айтты деп ойлойсуз?
— Мисалы, “жайлоодо” деп ырдасаң сенин көз алдыңа өзүңдүн балалыгын өткөн жайлоо элестелет, мага болсо мен көргөн жайлоо элестелет. Ошондуктан президенттин бул сөзүн ар ким өзүнө тартканга аракет кылып жатат, ар кандай элестетип. А.Атамбаев Сооронбай Жээнбековду толугу менен колдоп, бул позициясынан кайтпай турганын өз сөзү менен далилдеди. Азыр С.Жээнбековду КСДП, президент эле эмес эл да колдоого алууда. Андыктан президенттин бир эле сөзүн жулуп алып бүтүм чыгара берген туура эмес. Муну кайсы саясатчынын технологдору жасап жатса да андан майнап чыкпайт.
— Бирок, Бабановдун пиарчылары ачык эле президент биздин лидерди колдойт деп төш кагып жаткандай?
— Эми бул алардын эрки. Мисалы, алыска жолго чыгып автобекетке барсаң деле орто жашка барып, такшалып калган айдоочуну тандап, ошонун унаасына олтурасың. 20 саатта жете турган жерге 10 саатта жеткирем деген шылуун жаш балдардан коркосунда, туурабы? Ошондуктан эл деле бул жолу шайлоодон адашпайт, салмактууларга добуш берет. Мен Сокени (Сооронбай Жээнбеков) 15 жылдан бери тааныймын, чогуу иштешкенбиз. Азыр андан өткөн талапкер жок. Адамгерчилик, билим, тажрыйба жагынан эч кимиси жетпейт ага.