Домой Коом Азат Рузиев: Атама моралдык жактан оор болуп жатат

Азат Рузиев: Атама моралдык жактан оор болуп жатат

200

Караколдук укук коргоочу жана активист, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев «жасалма документ жасоо» фактысы боюнча кармалган. Абакка түшкөн Рузиев 30-майда ачкачылык жарыялаган.

Активист Рузиевдин баласы Азат Рузиев “Фейсбуктагы” жеке баракчасына:

“Атамды тез арада чыгарышат деп аябай ишенгим келет. Мунун баары моралдык жактан, айрыкча экинчи түн абакта ачкачылык кармап жаткан атам үчүн абдан оор болуп жатат” деп жазып, коюлуп жаткан айыптын эч кандай далили жок экенин белгиледи.