Бишкек шаарына жаңы вице-мэр келди. Мындан ары жер маселелери, архитектура жана курулуш тармагы боюнча вице-мэр кызматын Азамат Сагындык уулу аркалайт.
Ал тууралуу буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
А.Сагындык уулу буга чейин жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген.
Ал эми мурунку вице-мэр Уланбек Азыгалиев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.