Жалпыбызга жакшы маалым болгондой саналуу күндөрдөн кийин жадыраган жаз майрамы, аялзатынын наз майрамы 8-март босогобузга кирип келет. Бул майрамды жеке аялзаты эле чыдамсыздык менен күтпөстөн эркектер да күтөт. Себеби, эркектер ушул күнү өзүн тогуз ай көтөрүп толготкон, он ай көтөрүп омурткасын сыздаткан асыл энелерин, бир тууган эже-карындаштарын, жалпы эле аялзатын куттуктап, белек берүүгө ашыгышат. Демек, бул майрамды көркүнө чыгарып, шаӊга бөлөй турган, аялзатын даӊазалай турган – биз эркектер эмеспизби. Андыктан ак элечек апалар, асыл эжелер, ай-көкүл карындаштар! Сиздерди эл аралык 8-март майрамыӊыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Сиздерге чыӊ ден-соолукту, Нарын дарыясындай узун өмүрдү, майтарылбас кажыбас-кайратты, ашып-ташып турган бакыт-таалайды, жаркылдаган жайдары маанайды каалайм! Дүйнө сулуулугун сактап турган сиздерсиздер. Аялзаты бар — аалам сулуу, асман жарык, эркектер күчтүү! Бар болуӊуздар, бажырайган биздин ардактуу айымдарыбыз!
Сиздерди тереӊ урматтап, Бакыт Жумагулов