best prices on ed medications.
Өздөрүн таза шайлоо үчүн күрөшкөн топ катары сыпаттап, президенттик шайлоо тууралуу ар кайсыны айткан Феликс Кулов, Эмилбек Каптагаев сыяктуулар 6-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү.
“Жаман иттин аты бөрүбасар” дегендей эле булардын “Таза шайлоо үчүн” деген ысымы өздөрүнө такыр туура келбейт экен. Сөз жүзүндө бардык талапкерлерге бирдей карайбыз дегени менен Өмүрбек Бабановдун таламын талашып жатканы ачык байкалды. Маселен, Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канатбек Азис журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Бабановдун 65 пайыз тууралуу айткан “өрдөгүн” коргоп чыкты. “Бабановду бул айтканы үчүн жоопко тартпаш керек”, — дейт ал.
Э.Каптагаев, Ф.Кулов мырзалар да ачык эле Бабановдун таламын талашып жатканын билдирип койду. Негизи Эмилбек мырза менен Феликс аксакал жыдып бүткөн саясатчылар. Булар үйүндө эле ысык чайын ичип, небере жыттап отурса абийир тапмак. Анткени, Акаев, Бакиев доорунда ыплас шайлоолордун башында ушулар турган. 2012-жылдан кийин Кыргызстанда таза шайлоолорго жол ачылды. Бир адамга бир добуш деген принципти кепилдеген биометрика системасы ийгиликтүү иштөөдө. Эгемендүүлүк тарыхыбызда биринчи ирет президенттик шайлоо өтө чоң атаандаштыкта өтүүдө. Эми ушундай шарттар камсыз болгон учурда ыплас добуш берүүлөргө көз жумуп келген “акшакалдардын” акыл айтканга акысы жок. Мындайлар таза шайлоодон айлансын десек болот. Бабановдун таламын талашып, кокус ал өтүп кетсе дагы бир майлуу кызматты баса калам деген ою болсо аны башка нуктан коргосун. Түзгөн уюмун “Таза шайлоо үчүн” деп атабай “Бабанов үчүн” десин. Буларга элдин пикири деле ушундай.