Домой Саясат Кыргызстанды талап-тоногондор мамлекетти кантип “сактап” калат?!

Кыргызстанды талап-тоногондор мамлекетти кантип “сактап” калат?!

111

623539.1.1443340650

Аскар Акаевдин тушунда Кыргызстандын өнөр-жайын талкалаган, мүлдө кыргызга жаны ачып жакшылык кылбаган Базарбай Мамбетов деген аксакал бар. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, учурда жашы келип пенсия курагында. Карыганын билбеген ушул “акшакал” бир топтон бери чет элдик шылуун компаниялардын жетекчилерине кеңешчи болуп, аларга Кыргызстанды кантип тонош керектигин үйрөтүп, “сабак” өтүп келет.

Эми ушул карыя чочугансып Кыргызстанды тез арада сактап катуу керек деп, атайын Комитет түзүп жатыптыр. Аны ар кайсы саясатчыларды жактап сүйлөп, акчага сатылган Табылды Акеров деген саясатчы сөрөй, тили буудай кууруганы менен колунан коко келбей турганын буга чейин далилдеген Адахан Мадумаров, Башкы прокурор болуп туруп өз бизнесин гүлдөтүп, кафе-ресторандарын “Мегакомго” эки эсе пулдаган Кубатбек Байболов колдоп чыгыптыр. Мындан сырткары, 15-августта Бишкектеги «Европа» отелинде тегерек столго катышкан шылуун саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Жанар Акаев, Эдил Байсалов, Акылбек Сариев, Рита Карасартова, Марат Иманкулов, Кадыр Кошалиев, Баяс Турал, Эмил Каптагаев сыяктуулар үн кошуп жатыптыр.

1383128043_ravshan

Акаев менен Бакиев доорунда Кыргызстанды сазга батырып, бүтүндөй мамлекеттик түзүлүштү, улуттук байлыкты тоноп, инфраструктураны талкалап жок кылгандар ИПД 6,4 пайызга, экспорт 30 пайызга өсүп бараткан Кыргызстанды сактап калабыз десе бир чети күлкүң келсе, экинчи жагынан кыжырың гана кайнайт экен. Жетип барып эле муунтуп салгың келет. generic viagra for sale.

Мындай “чөөлөр” буга чейин чээнге башын катып, президенттик шайлоо жакындагында активдеше баштаганы түшүнүктүү эле. Эптеп элдин башын айлантып кан төгүүнү көксөп, бийликке келип калсак деп эки көздөрү төрт турат. Аларга кулак төшөсөң “атыла элек аюунун терисине тон бычып” президенттик шайлоо таза өтпөйт деген лозунгга өтүп алышыптыр. Бирок, ушул эле “азаматтар” Акаев менен Бакиев учурунда кайда эле? Бюллетендер пачкалап урнага ыргытылып, автобустар менен шайлоочуларды ар кайсы участкаларга ташып, шайлоо жыйынтыгын бурмалаган мезгилде эмне үчүн оозуна талкан сугунуп отурушкан?!

Кыргызстандын ички, тышкы саясаты канкор Бакиевдер куулгандан кийин такыр башка нукка бурулду. Коомчулуктун пикири эске алынып, таза шайлоолорго жол ачылды. Акыркы беш жылда бир да шайлоонун эртеси күнү ызы-чуу, митинг катталган жок. Демек, элибиз шайлоо жыйынтыктарына, добуш берүүнүн ачык өтүп жатышына толугу менен ынанды. Президент Алмазбек Атамбаевдин, бийликтин партиясы саналган КСДП парламенттик шайлоодо 30 пайыздан ашык добуш менен келди. Эгер шайлоолор бурмаланганда жок дегенде бул партия 50 пайыз добуш алып, башкаларга жалдырабай туруп бийликти каалагандай калчабайт беле? Азыр деле көз карандысыз эксперттер кимдин президент болуп шайлана турганын так айта албай келет. Оппозициялык маанайдагы саясатчы Өмүрбек Бабанов ачык эле “15-октябрдын кечинде Өмүрбек Бабанов президент болуп шайланат” деп көзү ачыктык кылды.

Андыктан Кыргызстанды талкалап жок кылып жибере жаздагандардын өлкөнү “сактап” калуу чакырыгы элдин кыжырын гана келтирет. Мындай шылуундардын түштөн кийинки эки жүздүүлүгү, бетаймачылыгы, элди удургутуу саясаты эч качан суу кечпейт. Эл деле бул саясатчылардан тажаган!