viagra with paypal payment. Сыртта 3 жылдан бери качып жүргөн экс-депутат Садыр Жапаров Кыргызстанга келери менен баш-аламандыкты баштады. Анын тарапташтарынын радикалдуу акциясын милиция таратуу менен токтотууга аргасыз болду. Жапаровдун тарапташтарынын оюна койгондо алар УКМКнын имаратына басып кирип, ошондо даана баш-аламандык башталмак. Көпчүлүк эксперттер, саясатчылар, коомдук ишмерлер бул митингдин катышуучуларын сынга алып, алардын аракетине нааразы болуп жаткан чагы.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев митингге чыккандар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, чырды баштоого даяр экенин далилдеди дейт. Ал милициянын аракеттерин туура деп эсептейт. “Бул милициянын милдети. Күч органдары бул митингде мыйзамдуу аракеттерди жасады. Акцияга чыккандар баш-аламандыкты жаратууга аракет кылып, чагымчылдыкка алдырды. Албетте, мындай учурда укук коргоо органдары эскертүү берет, эгер ал да жардам бербесе мыйзам чегинде чара көрөт. Милиция көздөн жаш агызуучу газ сыяктуу нерселерди колдонушу мүмкүн”, — дейт ал.
Ошондой эле Токтогул мырза Садыр Жапаров Кыргызстанга айрым оппозиция өкүлдөрү менен кеңешип туруп келгенин божомолдойт. “Жапаров айрым оппозиция өкүлдөрү менен кеңешип туруп Кыргызстанга келген. Бул боюнча ММКлар да жазды. Кимдер менен жолукканы да айтылды. Андыктан бул акция алдын ала даярдалган”, — дейт ал.
Сөзүн андан ары улаган Какчекеев Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алган иш аягына чыга электигин белгилеп, Садыр Жапаров Кыргызстандан качып кеткенин айтат.
Ал эми коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги мыйзамсыз өткөнүн белгилейт. “Кыргызстанда митиг же пикет өткөрүүнүн атайын эрежеси бар. Кимде ким нааразычылык акциясын өткөрө турган болсо мыйзамга баш ийиши керек. Милициялардын кармоолору мыйзам чегинде болгон. Анткени, Садыр Жапаровдун колдоочулары мыйзамды бузуп, башкалардын унааларын талкалады. Милицияга күч колдонду”, — дейт ал.
Ж.Жекшеев мындай митингдер Кыргызстанга зыян гана алып келерин айтат. “Эгер биз чыныгы эркиндикти, тынчтыкты, демократиялуу мамлекетти курубыз десек мындай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек. Митингдер, акциялык цивлизациялык жолдор менен өтсө. Президент деле Кыргызстанда акыркы кездери укмуш саясий оюндар жүрүп жатканын ачык айтты. Мамлекет башчысынан башкасы унчукпай гана отурат. Андыктан мындайды токтотушубуз керек. Митингдердин артында чоң күчтөр турганын унутпасак”, — дейт Жекшеев.
Парламент депутаты Бакытбек Жетигенов болсо УКМКнын астында митинг өткөргөндөр чагымчыдыкка баргандан кийин милиция аларды токтотууга аргасыз болгонун билдирет. Ал аталган митингди тынчтык акция катары атоого болбостугун билдирди. “Бул туура эмес. Алар милициянын тосмосун бузуп, УКМКнын имаратына басып кирүүгө аракет кылды. Муну тынч митинг деп атоого болбойт. Милиция болсо мыйзам чегинде чара көрдү. Мындай көрүнүшкө мыйзам чегинде катуу чара көрүш керек. Азыр кырдаал такыр башка. Эл деле чагымчыларга алдырып, алардын артынан эрчибейт”, — дейт эл өкүлү.
Чынында С.Жапаровдун тарапташтарын коомчулук катуу сынга алууда. 200-250 кишинин бүтүндөй өлкөгө чуу салып жатканы кыжырданууну гана пайда кылууда. Эми күч органдарына асылып, баш-аламандык жаратууну каалагандар тиешелүү жазасын алышы керек. Бул коомчулуктун тал