prescription water pills names.
Ырас, Эмилбек Каптагаев аттуу саясатчы бар экенин элибиз 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин гана кеңири билди. Ага чейин эмнегедир Эмилбек Саламатовичтин башына «күн тийбей» келсе керек. Апрель революциясынын шарапаты менен гана Каптагаевдин төбөсүнөн «күн чачырады».Бийликти ушунчалык сүйө турганын, ага жетиш үчүн эзелки душманы менен да камыр-жумур болуп кетүүгө даяр экендигин да тастыктап келатат. Маселен, ал Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турган кезде Каракол шаарында «Кумтөр» маселесине байланыштуу митинг өтүп, ал башаламандык, ызы-чуу менен коштолуп, натыйжада Эмилбек мырза барымтага алынып, автомашиненин ичине салынып, «өрттөйбүз» деген коркутууларга кабылганы эсибизде. Бул ызы-чуулу митингди уюштуруучулардын башында Садыр Жапаровдун турганы да ошол убакта ММК булактарында көп айтылган.Ошол убакта кызматта турган Каптагаев митингдин уюштуруучуларынын аракетин мыйзамсыз деп баалап, басылмаларга маектерди берип келген болчу. Эми болсо ошол окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылып аткан Садыр Жапаровдун сотуна келип, «Мен Жапаровдон жабыр тарткан эмесмин, бул митингди Жапаров уюштурган деп уккан эмесмин» деп отурат. Эмнеге? Себеби, учурда ал кызматсыз, бийликке таарынычы күч. Андыктан эзели мамиле кургусу келбеген С. Жапаровдун сотуна келип, аны актагысы келип отурат.
Бирок, ошол эле убакта ал кыязы С. Жапаровдун Минскиде жүрүп «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китепти жазганын, анда Э. Каптагаевди коррупцияга айыптаганын унутуп калса керек. Эгерде унутуп калган болсо, анда эсине сала кетели. Ал китепте Э. Каптагаев «Ысык-Көл» боисфералык территориясынын жетекчиси болуп турган кезинде акча уурдаганын, анан ал кармалып, кылмыш иши козголгонун жазган. Ошондон кийин Каптагаев Жапаровго ортомчулар аркылуу байланышка чыгып, бул ишти жабууга жардам берүүсүн өтүнгөнүн окуганбыз. Садыр мырза да аны Эмилбек мырза дасторкон жайып суранып аткандан кийин ага жардам берүүдөн баш тарта албаганын, бирок акчаны кайтаруу керектигин айтканын жазат. Ошондон кийин финполиция ишти жапкан.
Бул китептеги маалымат боюнча убагында Э. Каптагаев катуу актанып чыккан. «Мунун максаты – коомчулукту бушайман кылуу. Ал жакта жалаң уурулар жана жегичтер отурат, Бакиевдерден тазалангылары келген, андан кийин да ошондойлор эле келишти – ошондой эле уурдап атышат, жеп атышат деген коомдук пикирди түзгүлөрү келет. Ошону менен бирге Жапаров эч нерсе далилдей албай турганын билет, бирок бул кадамга билип туруп барууда», — деген болчу ал. Эми өзү ошондой аракет жасагандардын катарына кирип алды.
Мындан сырткары Каптагаевдин өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаеванын аппаратын жетектеп турган кезинде ажылык сапардан миллиондорду жасап калуу аракетин жасаганы боюнча да убагында катуу кызы-чуу болгон. Э. Каптагаевдин «алкымынын» айынан кыргызстандык мусулмандарга ажылык сапарга берилген визалар башка өлкөлөрдүн жарандарына берилип кетип, натыйжада 500гө чукул кыргызстандык мусулман ажыга бара албай калган. Бул боюнча убагында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, экс-депутат Каныбек Осмоналиев ажылыкты уюштуруудагы алешемдиктер тууралуу маалымат булактарынын бирине мындай кеп салган: «Бул абдан маанилүү маселе. Биз былтыр ач көз чиновниктердин айынан ошол ажылыкты уюштурууда бүтүн дүйнөгө шерменде болдук. Алардын айынан ажылыкка барчу мусулмандар гана эмес, жалпы мамлекетибиздин беделине доо кетти.
Ошондуктан парламенттеги үч депутат: мен, Акылбек Жапаров жана Турсунбай Бакир уулу мыйзам жазып, «ажылыкты уюштуруу мусулмандар дин башкармалыгынын гана иши» деген жаңы мыйзам долбоорун киргизгенбиз.
Бул мыйзамга президент кол койбой, кайра артка кайтарган. Биз көшөрүп, кайра кайталап, парламенттин колдоосу менен өткөрүп жатып, мыйзамды күчүнө киргизип алдык. Эми биз муфтиятка ишенип атабыз, алар да өздөрүнүн ажылык сапарды уюштуруу жоопкерчилигин Кудайдын, мыйзамдын, жалпы эле элдин алдында так аткарат деп», — деген ал ошол жылдары.
Мына ушундан эле ошол убактагы өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева, анын аппарат жетекчиси Э. Каптагаев экөө тең ажылык сапардан акча жасоодо таза эмес экендиктерин билсек болот. Баса, ушул жерден кошумчалай кетүүчү жагдай – 1996-жылы КР өкмөтүнүн алдындагы дин комиссиясына Э. Каптагаев жетекчи болуп да отурган. Кыязы ошондо эле ажылыктан акча жасаса боло турганын билип калган окшойт. Анан анын бактысына 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин адегенде Убактылуу өкмөттүн, андан соң өткөөл мезгилдин президентинин аппарат жетекчиси кызматы буйруп калып атпайбы.
Ушул сыяктуу таржымалдары каза берсе, Каптагаевди өзүнүн былык иштери каптап кетиши мүмкүн. Ошондой улуу «бороон» аны каптаганы турганын кыязы анчалык баамдай албай туру окшойт.