“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун акыркы убактарда маалымат булактары аркылуу жасап аткан кадамдары “Бүкүрдү көр гана түздөйт” деген макалды аргасыз эске салат. Жарыктык киши буга чейин чет мамлекеттерде качып жүрүп, Кыргызстанга келгенде, ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган Садыр Жапаровдун тарапташтарынын өлкөбүздө ызы-чуу салуу аракетине каршы мыйзамдуу аракеттерин жасаган милиция кызматкерлерин катуу сындап чыккан. Анын логикасына таянсак, УКМК алдында топтолгон митингчилер милиция кызматкерлерине баш бербей, аларга желим бөтөлкөлөрдү ыргытып жатса да, имараттын ичине кирүү аракетин жасап жатышса да, милиция кызматкерлери эч кандай чара көрбөй тура бериши керек экен. Эгерде мындай логика менен жашасак, анда мамлекетибизде тынчтык, стабилдүүлүк деген нерсе болобу? Албетте, болбойт, ошондо Феликс мырзанын көздөгөнү эмне болушу мүмкүн?
Буга жоопту маркум Үсөн Кудайбергеновдун шакирти, каскадер Алмаз Бейшенбиевдин маалымат булактарына билдирген пикиринен издесек туура болчудай. Анда ал мындай деген: “Менимче, бул аркылуу Феликс Кулов мурдагы милициядагы кесиптештерине жөн гана чыккынчылык кылып койду. Кыжырданган топ басып кирип, өлкөдөгү кырдаалды курчутмакчы болгондо, алар УКМК имаратын коргошту. Ал эми Кулов баш-аламандыкты уюштуруучуларга жол бериш керек болчу дейт. Барымтага алууга айыпталып жаткан Садыр Жапаровду Кулов эмне үчүн коргоп жатат, эмнеге алдамчыларды коргоп, мародерлорду жактайт? Алардын эмне жалпылыгы бар? Балким, Кулов өмүр бою мамкызматта жогорку кызматтарда иштеп, беш жыл абакта отуруп чыгып, бир заматта эле ээликтери жана атканалары бар милиция болуп чыга келгени болуп жүрбөсүн? Балким, Кулов элде “мародерлор” деп аталган саясатчылар сыяктуу өзү да революция окуяларынан кийин көз ирмемде байып чыга келгендиктен аларды жактайттыр? Карга карганын көзүн чукубайт. Муну ушундай түшүнсө болобу? Же кандай?”.
Бул айтылган кептердин төркүнүндө чындык бар. Ф. Кулов да өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген саясатчы. Эч кандай бизнес менен алектенген эмес. Бирок, Кыргызстандагы жетишээрлик байлардын катарын толуктап келет.
Жакында эле ал Башкы прокуратура тарабынан Мамлекет башчысынын кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн Zanoza.kg интернет-порталынын үстүнөн доо арыз жазганын “мыйзамсыз кадам” деп сындап чыкты. Анын айтуусу боюнча Башкы прокуратура аталган интернет-порталын сотко берип, ири суммада айып пул төлөтүү талабын коюп, Конституцияны бузуп атыптыр. Бирок, кантип, кайсыл жерде Конституция бузулуп атканын конкреттештирип айтып бере алган жок.
Бул жерден анын логикасына таянсак, мамлекет башчысынын дарегине карата айтылган жалган ушак-жалааларга эч кандай чара көрүлбөй эле тура бериши керек экен да? Ал эми ошол эле убакта жалган, ушак-жалаалар үчүн АКШнын өзүндө жазаларды катаалдантуу пландаштырылып атканын жакшы билебиз.
Деги эле Ф. Кулов бирде коррупцияга шектелгендерди коргоп, бирде оппозициячыл басылмаларды коргоп чыгып атканы эмнени каңкуулайт? Муну оңой эле билүүгө болот. Себеби, ал өзү да өзүнүн Аскар Акаевдин доорунан бери келаткан кыңыр иштери ачыкка чыгып кетеби деген коркунучта жүрөт.
Феликс Шаршенбаевич буга чейин, тээ Акаевдин доорунан бери карай эле мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп келди. ИИМ министри, губернатор, вице-премьер-министр, УКМК төрагасы, Бишкек мэри, премьер-министр болду. Акыры амбициясы ашынып өлкө башчысы болгусу келди. Бирок, президенттик кызматка жетише электе эле Кыргыз Армиясын алсындантып, вертолетторду сатып жиберген чиновник президент болуп калса Кыргызстанга жакшылык жасайт беле?
Ф. Кулов Акаевдин маалында майлуу-сүттүү кызматтарда иштеп турганында ансыз да араң эле жаны бар болуп турган кыргыз армиясынын самолет-вертолетторун сатып жибергени ачыкка чыгып, узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин 2002-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Азыр деле ошол вертолеттор темасы боюнча суроо берилгенде Кулов бир топ тайсалдап калат.
Анын бактысына 2005-жылы март революциясы болуп кетти. Ошондо ал темир тор артынан чыгып келип, түз эле премьер-министрлик кызматка отуруп калды. «Мына эми Кулов жыргатып иштеп, өлкөбүздүн экономикасын көтөрөт экен» деп отурсак, ал кайра Кыргызстанды ХИПКке киргизүү аракетин жасап, элдин нааразычылыгын жаратканы эсибизде. Аталган программага дүйнөнүн эң жарды, билим берүү системасы, медицинасы жок, оору-сыркоо күч алган, жарым-жартылай жапайы турмушту кечирип аткан өлкөлөр кирген. Мына ошолордун катарына биздин өлкөнү да киргизгиси келген Куловдун максаты эмнеде эле?
Алсыраган партия, аран аман калган Шаршенбаевич
2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин ал «Ар-Намыс» партиясы аркылуу парламентке келди. Мына ошол 5-чакырылышта беш жыл бою ал кызмат бөлүштүрүп, анын арты менен чөнтөгүн «калыңдап» гана отурганы белгилүү болду. Мисалы, ошондо булардын шыбагасына Айыл-чарба министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы туш келген. Натыйжада 3 жылдын ичинде Айыл-чарба министрлигинде 5 жолу министр алмашса, Мамлекеттик каттоо кызматында 7 төрага, 14 төрага орун басары алмашты. 2012-жылы каттоо кызматына Эрлан Сапарбаев келди. Адегенде Кулов аны менен ынтымактуу эле иштешип аткандай болгон. Бирок, качан гана жаңы паспорт долбоору башталганда Кулов ага «Паспортторду жасоону «Интел Линкс» компаниясына бересиң» деген талапты койгон. Сапарбаев ага каршы чыкты. Натыйжада экөөнүн ортосунда кармаш башталды. Кулов Сапарбаевди кызматтан кетирүүгө бардык аракетин жасады, Сапарбаев болсо кызматтан кеткиси келген жок. Акыры аягында Феликс мырза аны кызматтан алып түштү. Көрсө, ал «Интел Линкс» компаниясы аркылуу паспорт жасатып, «бизнес» жасап жүргөн тура.
Мына ушундай таржымалы бар саясатчы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн жана акыйкаттык, тазалык, тартип үчүн жасап аткан кадамдарына каршы чыгып атканын эң сонун түшүнүп турабыз. Себеби, жогоруда саналган илинчектери аны тынч уктатпай жатпайбы.