Домой Саясат Феликс Кулов Батукаевди тааныбайм деп чыкты…

Феликс Кулов Батукаевди тааныбайм деп чыкты…

701

Биздин гезиттин өткөн №25 (135) 26-июлдагы санында Тынычбек Акматбаевдин атасы Абдымалик аксакалдын өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго  жазган кайрылуусун жарыялаган элек. Анда Абдымалик Акматбаев аксакал учурда чуу жаратып жаткан баш кесер Батукаевдин бошотулушу таза иликтенип, бул жаатта биринчилерден болуп Феликс Куловдун жоопкерчилиги  каралышы керек экендигин баса белгилеп, көкүрөгүндөгү оюн айткан. Материал биздин гезитке чыккандан кийин коомчулукта чоң талкууну жаратып, бир нече телеканалдар, ондогон электрондук маалымат булактары “Айгай-пресс” коомдук-саясий гезитине жарыяланган Абдымалик Акматбаевдин  кайрылуусун биринен-бири  жарыялап чыгышты.

Феликс Шаршенбаевич да бул боюнча адаттагыдай “актануусун”  билдирип чыкты. Баарынан кызыгы, Феликс Кулов Азиз Батукаевди анчейин тааныбаганын, болгону аны бир курдай гана көргөнүн айтса, ызага муунган Абдымалик Акматбаев  аксакал редакция менен кайрадан байланышка чыгып “Кулов жанын жейт, мен анын айткандарын жалганга чыгарам. Убагында так ошол Кулов менен Батукаев экөөнүн мамилесин камтыган сүрөттөрдү андагы президент Курманбек Бакиевге алып барсам: “Менин убактым жок караганга. Буларды Мыктыбек Абдылдаев, (ошол учурдагы президенттик адиминстрациянын башчысы) Камбараалы Конгантиев, (ошол кездеги Башкы прокурор)  Адахан Мадумаров, (ал учурдагы вице-премьер-министр) Эсенгул Өмүралиев (ыраматылык, бейиши болгур Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору) баштаган  комиссия мүчөлөрүнө берип кой” – деп бердирген болчу. Учурдагы  Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушул жагын эске алып, береги аталган инсандардан мен айтып жаткан  маалыматтарды сурап, адилеттүү тергөө амалдарын жүргүзсө жакшы болот эле.

“Ушуну Башкы прокурдун дарегине маалымдап коесуңарбы?” деген көкүрөгүндөгү көк таштай түйүлүп калган арманын айтып өттү…

А балким чындап эле Абдымалик аксакал айткандай Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов көңүл буруп, Мыктыбек Абдылдаев, Камбараалы Конгантиев баштаган мурдагы кесиптештеринен бул жааттагы көрсөтмөлөрдү алаар…?

Булак:  “Айгай-пресс”