viagra radio commercial. Кыргызстандагы 30дай белгилүү интеллигенция өкүлдөрү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылып, Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөнү, президенттик шайлоого аралашпоону суранды. Мындай кайрылуу менен чыккан белгилүү инсандардын аракетин кандай баалайсыз?
— Шайлоо – биздин өлкөнүн ички иши. Андыктан Кыргызстандын ички ишине эч бир мамлекеттин лидери, эчи бир өлкө кийлигишпеши керек. Ага акысы да жок. Ал эми интеллигенция өкүлдөрүнүн кайрылуусу менен тааныша элекмин. Эгер казак президентинин Кыргызстандын шайлоосуна аралашканы чын болсо бул туура эмес.
— Н.Назарбаев мындай кайрылууга кандай жооп кылышы мүмкүн?
— Негизи Н.Назарбаевдин Кыргызстанга көзү түз деп билем. Ал биз менен ынтымактуу мамиле түзүүгө кызыкдар экенин, кыргыз калкы казактарга эң жакын эл экенин айтып келет. Андыктан анын кандай жооп беришин айтуу кыйын.