Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго караштуу маалымат каражаттары айрым такталбаган сурамжылоолорго таянуу менен Бабановдун рейтингин 65 пайыз катары көрсөтүп жатат. Бул маалыматка ишенсек болобу?
– Бул жөө жомок. Өмүрбек Бабанов калпты чындай айтып үйрөнүп алды. Анын эл алдында берген убадаларынын 90 пайызы аткарылбайт. Ал эми мени 65 пайыз шайлоочулар колдойт дегин шайлоодон кийинки башаламандыкка кам көрүү. Анткени, ал 15-20 пайыз добуш алып калса чыр чыгарат. Ага чейин элдин мээсине ушул 65 пайызды киргизгиси келүүдө. comment acheter du viagra.
– Бабановдун рейтинги акыркы кездери кескин түшүп кеткени маалым болду. Буга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
– Буга өзү эле жол берди. Он-Адырда сүйлөгөн сөзүнөн кийин эле анын рейтинги кескин түшкөн. Анын үстүнө депутат Канат Исаев менен төңкөрүш жасоого аракеттенгени маалымдалды. 15-октябрда Бабанов ашып кетсе 20 пайыз добуш алат.
