Домой Саясат Видео — Атамбаев: Акчаны Шадиевдин эсептеринде сактагыдай жинди белем

Видео — Атамбаев: Акчаны Шадиевдин эсептеринде сактагыдай жинди белем

121

Бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралып жатат.  Сот отурумуна  судья Мирлан Термечиков төрагалык кылып жатат. Мамлекеттик айыптоочулар эки кылмыш ишин: Кой-Таш айылындагы жер тилкелерине мыйзамсыз ээ болуу жана мыйзамсыз баюу иштерин бириктирүү жөнүндө өтүнүч келтиришти. Атамбаев жана жактоочулары ага каршы болушту.

«Акчаны Шадиевдин эсептеринде сактагыдай жинди белем», — деди Атамбаев мыйзамсыз баюу жөнүндө айыптоолорго. белгилүү болгондой мыйзамсыз баюу боюнча козголгон кылмыш ишине мурдагы депутат Аскарбек Шадиев да айыпталып жатат.

Андан тышкары Атамбаев мамлекеттик айыптоочуларга каршы өтүнүч келтирип, буларды айтты: «Алардын ордуна бул ишти жасалмалагандар келип отурсун. Алар (айыптоочулар) Зулушевдин (башкы прокурор) жана Набиевдин (башкы прокурордун биринчи орун басары) басымы менен ушул жерде жүрүүгө аргасыз болуп жатышат. Кыздарга (айыптоочулар) боорум ооруйт»…