Домой Коом «Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары шайлоого чогуу барат

«Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары шайлоого чогуу барат

439

«Ата Журт» партиясы күздө өтчү парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен чогуу барат.

Эки саясий топтун лидерлерлери ушундай меморандумга кол коюшканын, шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» желеги менен аттанышарын аталган партиянын өкүлү «Азаттыкка» билдирди. Курултайды 19-августта Бишкектин четинде, жаратылыш койнунда өткөрүшөт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат.

«Ата Журт» партиясы 2010-жылы түптөлүп, башында Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров турушкан. Учурда партиянын лидери — Акматбек Келдибеков.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстандын» катарына «Табылга», «Бирик» партиялары кошулган.

«Бир Бол» партиясы менен «Демократ» партиялары, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ак шумкар» партиялары да шайлоого чогуу барары жарыяланган.