Домой Экономика Асрандиев: ишкерлерди колдоо үчүн 14 млрд. сом табылды

Асрандиев: ишкерлерди колдоо үчүн 14 млрд. сом табылды

93

Ушундан улам биринчи кезекте жардамга муктаж жана экономикага көбүрөөк пайда алып келчү ишкерликтин түрлөрү талданууда. Анын жыйынтыгында финансылык жардам берүүнүн жолдору каралат.

«Каржылык колдоо үчүн ички жана тышкы булактарды издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө 14 млрд. сомдун тегерегинде акча табылды», — деди Асрандиев.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Буга байланыштуу бир катар ишкерлер жумушун токтотконго аргасыз болду. Расмий маалымат боюнча, коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы ушул тапка чейин 5 миллиард сом зыян тартты.