Домой Маданият Асел Кадырбекова: Сиздердин дубаңыздар мени сактады

Асел Кадырбекова: Сиздердин дубаңыздар мени сактады

72

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова окурмандарына кайрылып, бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу билдирүү калтырды. Өз кайрылуусунда ырчы баарына салам берип, жакшы болуп бара жатканын айткан.

«Албетте, толук түрдө калыбыма келүү үчүн убакыт керек. Дарыгерлерге, апама, жолдошума, туугандарыма, досторума, кесиптештериме жана сиздерге, баарыңыздарга рахмат! Мени менен, кызым менен, туугандарым менен бирге болгонуңуздарга… Жакшы болгондо сөзсүз түрдө ыраазычылыгымды билдирип видео кайрылуу жасайм. Сиздердин дубаңыздар мени сактады, мени жашоого, кызыма, жакындарыма кайтарды. Мен элдин кызы болгонумду билген да эмесмин. Бул сөздөр менин сиздерге болгон ыраазычылыгымды жеткирүүгө аздык кылат. Алдыда келечекке койгон көп пландарым бар, эң башкысы сакайып кетүү», — деп жазат ырчы.