Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам акыркы мезгилде америкалык биолабораториялардын түпкү максаты ачыкка чыга баштады. Тагыраагы, адамдын ден соолугуна кооптуу жагдай жараткан вирустар менен эксперименттер адамзат үчүн глобалдуу маселеге айланып бараткандай. Бүгүн Армениянын адвокаты Александр Кочубаев Армениянын территориясында жайгашкан Американын 10го чукул биолабораториясын жаптыруунун айласын издеп, Бириккен улуттар уюмуна кайрылды.
Бириккен улуттар уюму Армениянын америкалык биолабораториясын жабуу өтүнүчүн колдойбу же жокпу аны убакыт көрсөтөт. Бирок, элинин саламаттыгын, мамлекетинин коопсуздугу үчүн жактоочу Александр Кочубаев Американын биолабороториясын жаптырууга катуу киришип жатканын фейзбуктагы баракчасына да жазды. Ал БУУнун генералдык секретарына да кайрылып, БУУнун адам укугу боюнча эл аралык келишиминин негизинде биологиялык куралды иликтөөнү өтүндү.
Анткени, Армениядагы Америка каржылаган биолабораториялар патологиялык ооруу пайда кылуучу генетикалык тажрыйбаларды жүргүзүшөөрү тууралуу маалымат алган. Ага 16 чет мамлекетте жашаган мекендештеринен Америкалык биолабораториялардын ишмердүүлүгү тууралуу кат келген. Алардын өтүнүчү менен Америкалык биолабороаторияларды жаптыруу аракетин көрө баштаган.
Ал бул маселе боюнча Армениянын Башкы прокуратурасына жана административдик сотуна да кайрылган. Тийиштүү маалыматтарды да берген.
Александр Кочубаев “Армениянын үнү” деген басылмага берген маегинде биолабораториялардын кооптуулугуна жана алардын зыяндуулугуна токтолуп, Америка каржылаган биолабораториялар Армениянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарын айтты. Американын биолабораториялары потогенездик жактан коркунучтуу микро организмдерди пайда кылып, Армениядагы эпидемиялогиялык кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн экендигин ачык айткан. Себеби, Америка каржылаган биолабораториялар чындыгында жугуштуу оорууларды таркатуучу оорулар менен алектенишет. Аларда инфекциялык ооруларды козгой турган каражаттар да бар деген ойдо. Ал эле эмес, Америка каржылаган биолабораториялардан башка да жугуштуу инфекциялар таркалышы мүмкүн дейт. Кыскасы, биолабораториялардын кооптуулугу адамды массалык түрдө кыра турган куралга салыштырылууда.
АКШ өз лабораторияларын Грузия, Молдова жана Украинага ачууга үлгүргөн. Тагыраагы, ушундай кооптуулугу күчтүү объекттин дагы бири Кыргызстандан анча алыс эмес жерде, Казакстандын Алматы шаарында иштеп жатат. Алар эмне менен алектенишээри белгисиз. Ошондой эле алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар ачыкка чыкпайт.
Негизи Американын биолабораториялары дүйнө жүзүнө тараган. Эмнегедир коронавирус күч алып жаткан маалда күрөшүшкөн жок.
Ушул жагын эске алганда алар биолабораторияларды куруп, элдин өмүрүн сактоону эмес, эксперимент жасоону биринчи орунга чыгарышкандай. Ошон үчүн мындай жашыруун биологиялык лабораторияларды өз аймагында эмес, башка мамлекеттерде жүргүзүшөт.
Кыскасы, Америкалык биолабораториялардын иштөөсүнө уруксат берген өлкөлөр бир гана өздөрүнүн мамлекетине эмес, коңшу мамлекеттердин да коопсуздугун жарга кептей турган абал жаралып калышы толук ыктымал. Мына ушундай жагдайлардын баарын эске алган Армениялык жактоочу өлүм менен ойноо жакшылыкка алып барбай турганын айтып, аларды жаптыруунун жолун издеп жатат.
Булак: Ачык саясат