Домой Коом Алтынбек Сулайманов: Саясий куугунтук болуп, туура эмес соттолгон болсо жакындары жабыркабаш керек

Алтынбек Сулайманов: Саясий куугунтук болуп, туура эмес соттолгон болсо жакындары жабыркабаш керек

111

Бүгүнкү комитеттик жыйында Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоорун талкуулап жатып, төмөндөгүдөй оюн билдирди:

«Коррупцияга каршы күрөш болуш керек. Коррупция ишине катышкандар өз жазасын алганы туура. Бирок жакындары дагы жаза алганы бир жагынан туура, экинчи жагынан туура эмес. Саясий куугунтук болуп, туура эмес соттолгон болсо анын жакыны дагы жабыркап калышы мүмкүн. Эмне үчүн бул мыйзам долбоорунда депутаттыкка баргандар эле каралып жатат? Президент, өкмөт мүчөлөрүн, мамлекеттик кызматкерлердин бардыгын мыйзам кылып киргизүү шарт», — деди депутат.