Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова ээлик кылган компаниялар салык жашырып келгени аныкталып, бюджетке 200 млн. сом төгүп бергенин коррупцияга каршы туруу боюнча Башкы прокуратурага караштуу Координациялык кенештин жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев айтты. Ал буга чейин төгүлбөй келген салыктарды өндүрүү штери улантыла турганын билдирди.
Анара Жапаровага «МИС» аттуу фирма жана башка компаниялар карайт. Акылбек Жапаров бийлик алмашкандан кийин өкмөт башчы Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон. Коомчулуктун сынынан соң кызматтан кайра бошотулган. Бирок айрым маалыматтарда депутат дагы деле Садыр Жапаровго консультациялык көмөк көрсөтүп келери айтылат.
Учурда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам долбоорунун автору катары сүйлөп жүрөт