Домой Коом Акыйкатчы Токон Мамытов: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кеткен

Акыйкатчы Токон Мамытов: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кеткен

52
Бүгүн, 27-майда Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагында болуп, ал жакта жаткан Алмазбек Атамбаев, Каныбек Осмоналиев, Дүйшөн Зилалиев, Албек Ибраимов, Айбек Калиев, Сардор Абдрахманов жана Бектурсун Айталиевдерге жолугуп, алардын арыздарын укту. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Акыйкатчы менен маектешүү учурунда Осмоналиевдин ден-соолугунун абалы жөнүндө арызданып, Президенттик Администрациянын жана Өкмөттүн Клиникалык Ооруканасынан медициналык справкасын көрсөткөн.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кеткенин айткан.

Белгиленгендей, камактагы адамдар мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу айрым судьяларга жана укук коргоо органдарынын башчыларына арызданышкан.

“Бардык айтылган даттануулар жана кайрылуулар Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан кылдат иликтенип, андан кийин сотторго жана мамлекеттик органдарга жазуу жүзүндө кайрылуулар даярдалат” – деп айтылат маалыматта.