Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева Кыргызстанда 2021-жылы пенсия 250 сомго жогорулай турганын бүгүн парламент жыйынында айтты. Ал депутаттардын пенсия тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, буларды айтты: » Эмки жылы орто эсеп менен пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү беш пайызга көтөрүлөт. Бул болжол менен 250 сомду түзөт. Буга 510 миллион сом сарпталат. Биздин эсеп боюнча 2021-жылы 45 миң кыргызстандык пенсияга чыгары күтүлүп жатат»