-Бийлик 2009-жылдагы концессиялык келишимди эске алып, Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн берип, 10 жыл мурдагы милдеттенмесин аткармай болду. Бийликтин бул аракети колдоого алаарлык иш болдубу же жең ичинен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ушундай болдубу?
Темирбек Асанбеков, «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери:
“Азыркы токтомдорду ишке ашырып жаткан өкмөт, эртеди кеч өтө оор жоопкерчиликке тартылат”
-Бул өтө маанилүү, көп жылдан бери улуттук экономиканы кызыкчылыгына терс таасирин тийгизген, жаратылышыбызга, табийгатыбызга, экологияга коркунучтарын алып келген, коом арасында нааразычылыкты күчтөндүрүп жаткан оор саясый — экономикалык маселе. Жалпы кыргыз эли кен байлыктарды иштетүү эрежесине мораторий жарыялап, адилеттүүлүк орнотот деген ойдо президентте чоң үмүтү бар эле. Бирок, улуттук экономиканы татыктуу өнүктүрүү илимий жолун таба албай, аргасыздан «Кумтөр» ишканасынын көзүн карап, аргасыздан жеке ишкананын кызыкчылыгына мыйзамды ыңгайлаштырып саясый чечим чыгарылып жатканы, келечекте өтө оор маселеге барып такалат. Азыркы токтомдорду ишке ашырып жаткан өкмөт, эртеди кеч өтө оор жоопкерчиликке тартылат.
Касымбек Райымкул, адвокат:
“Мына ушундай маселелерди ишке ашыруу үчүн Садыр Жапаровго элге колдонгон амнистияны колдонбой жатышат”
-Чынымды айтсам “Кумтөр” боюнча Садыр Жапаровдой биле албайбыз. Ошондой болсо дагы сурооң жообу жок калбасын. Албетте, күмөн нерселер бар, аны айтпайт да бийлик, айласы жок. 2009-жылкы келишимди бетке кармап коюптур. Массалык маалымат каражаттарда А.Жээнбеков менен С.Жапаровду каршы койгондорду жаман көрчү элем. Өкмөттүн бул чечиминен кийин ошолор туура айтып жатат окшойт деген ой пайда болду. “Кумтөр” маселесин кыргыз өкмөтү өз алдынча чече алмак эмес. Мына ушундай маселелерди ишке ашыруу үчүн Садыр Жапаровго элге колдонгон амнистияны колдонбой жаткан окшойт деген ойго кептелет экенсиң.
Кайып Шери, апрель баатыры:
“Кен казуу үчүн мурдаэле Кумтөрдүн айланасындагы корук жерлерди берип келишкен”
-“Кумтөр” иштегенден бери эле кен казуу үчүн кумтөрдүн айланасындагы корук жерлерди кошумча берип келишкен. Анткени, “Кумтөрдө” биздин чиновниктердин, экс-депутаттардын акциялары бар. Ошолор ушундай чечим кабыл алып, корук жерлерибизди да берип жатышат. Анткени, алардын таасири чоң.
Жолдошбек Токоев, аналитик,журналист:
“Бийлик бул маселени кайрадан карап көрбөсө, элдин каарына калып калаары бышык”
-Ооба, 2009- жылы Бакиевдин убагында «Кумтөрдү» Канадалыктар менен каалагандай калчашкан. Атүгүл, А. Келдибеков салык кызматын жетектеп турганда ал Бакиевге кат жазат «бизге Кумтөрдүн салыгынын кереги жок» деген. Эми бул атайын сүйлөшүлүп жасалган иш болгон. Эми алтын кенине туташ «Сары-Чат- Эртеш» мамлекеттик коругунун аймагынан 16 миң га. жер бериш бул мамлекетке жасалган чыккынчылык. «Сары-Чатта» кайберендер мекендейт, дүйнө жүзү «сактап калалы!» деп маселе көтөрүп жаткан илбирс жойлоп жүрөт, ошол жерде төлдөйт! Эми биз Давыдов, Лысый, Петров мөңгүлөрүнөн арылып дагы жаратылыштын, адамзаттын байлыгы кайберен, илбистен ажырайбыз. Деги эле “Кумтөр” бизге эч пайда алып келген жок, тескерисинче зыян тарттык. “Кумтөрдөн” казынабызга 2 млрд. доллар түшсө зыяндын көлөмү 9 млрд доллар болду. Бул адис экологдордун Өкмөтүн нормативи боюнча алган баасы ойдон чыгарылган цифра эмес. Биз мындай мамиле менен таптакыр табияты талкаланган, ууланган аймакта жашап калабыз. Бийлик бул маселени кайрадан карап көрүш керек. Антпесе, элдин каарына калып калаары бышык.
Уран Рыскулов, коомдук ишмер:
“Кумтөр” проектиси өз мөөнөтүн, саатын күтүп турган экологиялык катастрофа”
-бул нерсе дагы эле бийликтегилердин сатылмайы экенин далилдейт. “Кумтөр” 21 жылдын чоң аферасы. “Кумтөр” проектиси өз мөөнөтүн, саатын күтүп турган экологиялык катастрофа. Эң жанды кейиткени бийликтегилердин ошол проблеманы түшүнүп туруп кыргыз үчүн чыккынчылык келишимдерди узартып жатканы. Акыл эсине келбеген бир шордуу эл экенбиз го
Чолпон Осмонова, коомдук ишмер:
“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы”
-Жогору жактын мындай чечимге келгени сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болсо керек.
Самсаалы Четинбаев, Убактылуу оппозициялык кыймылдын мүчөсү:
“Өз жерибизден чыккан алтында кайдагы бир шылуун компанияга тонотуп коюп отурабыз го, эми корук жерибизди ошол шылуун-ууруларга карматышыбыз керекпи?”
-Өкмөттүн бул аракети туура эмес. 2009-жылкы келишим жокко чыккан. Аны Бабановдун өкмөтү жокко чыгарса керек эле. Ал келишимге негиздеп бүгүнкү өкмөт иш алып барбай эле койсо болмок. Анткени, андагы келишим Максим Бакиев арлашкан кылмыштуу келишими болгон. Центерра менен болгон зыяндуу эски келишимди буза албай жүрүп, дагы башка жерибизди эмнеге беришибиз керек? Ансыз деле тээ Акаев-Бакиев мезгилиндеги жең ичинен коррупциялык жол менен түзүлүп калган келишимдин азабын тартып атабыз го? Өз жерибизден чыккан алтында кайдагы бир шылуун компанияга тонотуп коюп? Ошол аздык кылып эми даагы башка жерибизди ошол шылуун-ууруларга карматышыбыз керекпи? Бул өкмөт эмнеге таянып, кандай кызыкчылыктыр менен ушундай иш алып барып жатканы түшүнүксүз. Жеткен аңкоолук бул. Өткөн жылы, «чимкирктери» көп парламенттин айынан ата-бабалардан мурас болуп сакталып келген, көк кашка мөлтүр суу агып чыккан эки чоң моңгүбүздөн айрылдык?! Буларга баары бир окшойт. Канадалык шылуундарга мөңгүлөрүбүздү талкалоого уруксат берип салды. Мындай темп менен кетсек эртен Кыргызстан какыраган корксуз чөлгө айланат. Кыргыздар «эл башы болгончо суу башы бол» -деп бекер айтпаган. Ата сөзүн да унутта калтырдык. Аттиң! Эсибиз барда этегибизди жаап, акыл эс менен иш кылсак болот эле… Канадалык компанияга баары бир да, алтынды казып алып, жерибизди уулуу таштандыга толтуруп коюп кетип калат. Жерибизге өзүбүз күйбөсөк ким күйөт?
Каныбек Осмоналиев, экс-депутат:
“Бул эмне саботажбы же биргеликте макулдашылган амалбы?”
-“Кумтөрдүн” айланасындагы шылуундук иштер Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле токтобой койду. Ал турсун ар бир жаңы президент келген сайын уламдан-улам күчөп жатат. «Бийликпуруштар» деги эле жалкып калаар түрлөру жок! Болбосо,акыркы 20 жылдан бери “Кумтөр” өзү эле ЖКнын бир нече чакырлышынын, мурдагы президенттердин жана ондогон ири жетекчилердин «баштарын жебедиби». Ыраматылык премьер-министр Насирдин Исановдун эле трагедиялуу тагдыры кандай болду? Деги эле оң сабак албай коюшту го, кээ бир ач көз жетекчи-макулуктар! 1996-2017- жыл ичинде эле “Кумтөрдөн” 457 тонна алтын казылып алынган. Алтын менен кошо казылып, бирок, эсеби жок уурдалып жаткан башка асылзат элементтердин саны жок. Булар базар баасында эмне деген акча, эмне деген байлык?! Анын жүздөн бири дагы кыргыз элине пайда берген жок. Тескерисинче, жаратылышыбыз талкаланып, элдин ден-соолугу жабыркады. Байыса, убагында шылуундук менен ошол «Центерранын» акционерлери болуп алышкан бир-ууч Кыргызстандык шүдүңгүттөр байып жатышкандыр. Алардын дагы аты-жөндөрүн элге билгизбей жашырып келишет. Мындан сырткары, ким саясий бийликке ээ болуп алса, алар дагы «оозанып» келе жатышкандыр. Бирок, карапайым элге “Кумтөрдөн” бир тыйын дагы пайда жок, да. Эл арасында «Кумтөр» деген сөз ыплас, булганыч жана жаман гана түшүнүктөрдү берип калганын айтып коёюн. Эми Кумтөрдүн айланасында ушундай, элдин кыжырын кайнаткан кырдаал болуп жатса, өкмөт «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы 16 миң гектар жерди «Кумтөр» деген, бүгүнкү күндө кылмыштуу болуп калган долбоорго кен казыш үчүн кайрадан кайтарып берип жатыптыр! Биздин эсибизден чыга элек! 2012 жылы Ысык-Көлдүн патриоттуулукту туу туткан жана прогрессивдүү жаштары абдан катуу каршылык көрсөтүшүп, 2009-жылкы өкмөт тарабынан чыккынчылык менен концессия катары «Кумтөр Голд» компаниясына алтын казууга кошумча берилип кеткен жер аянты боюнча токтомду токтоттуруп коюшкан болчу! Эми 10 жылдан соң кайта берип жатышыптыр! Себеби, эмнеде экендиги көрүнүп, билинип эле турбайбы! Жарандык активист Нарис Калчаев андан сырткары дагы 26,3 гектар жөнүндө сөз кылып жатат. Ага кошумча дагы, «Коёнду, «Карасай» аттуу кооз жерлерден дагы кошумча кылып, 27,3 гектар жерлерди бергени жатышат деп билдирди! Бул маалыматтар жалган эмес чыгаар? Нарис уулубуз акыл-эси соо, эли-жери десе ичкен ашын жерге коё салган, күйүмдүү жигит. Убагында дал ошол «Кумтөрдүн» азабын тартып, абакка отуруп чыккан! Жогорудагы 16 миң гектар жердин Кумтөргө берилип жатканын «Кыргызалтындын» жетекчиси дагы тастыктады, го! Демек, жогорку бийлик эшелондорунда катуу пикир келишпестиктер болуп жатабы? Дегеним, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүн тынбай айтып, элди ишендирип келет. Эл дагы туура кабыл алып колдоп жатат. Анан эмне болуп эле Өкмөт тескери кетип жатканы түшүнүксүз. Бул эмне саботажбы же биргеликте макулдашылган амалбы? Эл баарын түшүнүп эле карап, байкап турат го? Социалдык маалымат тармактарын карап коюшпайбы? Эмне такыр эле көздөрүн май басып, өзүм-билемдик өкүм сүрө баштадыбы? Андай болсо мындай амалкөйлүктүн аягы жаман болчу эле! Президент өзү дагы жасакер жана алдамчы кеңешчилерине ишене бербей эл жөнүндө ойлонуп жаткандыр!!! Жакшылыктан үмүтүбүз үзүлбөсүн!
Бейшенбек Абдрасаков, экс-депутат:
“Жең ичинен сүйлөшүлгөн деген ойлор пайда болууда”
-2010 жылкы революция ушундай жаман иштер экинчи болбосун, кайталанбасын деп болгон. Эң өкүнүчтүүсү сабак болбой эле кайра, кайра кайталанып жатат.Албетте, жең ичинен сүйлөшүлгөн деген да ойлор пайда болууда. Болбосо, өкмөттүн 10 жыл мурунку келишимин күчүнө киргизип, аларга милдеткор болбойт эле.
Булак: Фабула