Домой Коом Аликбек Жекшенкулов мигранттарга Кыргызстанга кетпей туруусун айтты

Аликбек Жекшенкулов мигранттарга Кыргызстанга кетпей туруусун айтты

50

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиядагы эмгек мигранттарына кайрылуу жасады.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу туруктуу авиакаттамдар ачыла электигин, чек аралар жабык турганын белгиледи. Мекендештерди чыдамдуу болууга чакырып, орус-казак чек арасына барбоого үндөдү. Элчи мекенине тез арада кайтууга себеби жокторду кырдаал турукташканча кайтпай турууга чакырды. Бүгүнкү күндө элчиликтин, мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында жана социалдык түйүндөрдө Россияда бош турган 4 миңден ашык жумуш орду тууралуу маалымат бар экенин айтты.

Элчиликтин маалыматына караганда, 20-марттан 20-июлга чейин Россиянын 21 аймагынан 18 миң 285 кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Булак: Азия Ньюс