mexican online pharmacies diet pills. — Бишкек шаарындагы борбордук ТЭЦти модернизациялоо долбоорун жыйынтыктоо салтанаты өтүп ага президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Өлкө башчысы аталган салтанатта сүйлөп жатып энергетика тармагына алынган насыялар келечекке багытталганын билдирди. Кытайдан келген кредиттерге салынган бул долбоор өзүн-өзү актайбы?
— Биринчиден, Бишкек шаарындагы борбордук ТЭЦтин модернизациядан өтүшү менен анын кубаттуулугу эки эсе артат. Демек, бишкектиктерди жылуулук менен камсыздуу сапаты эле жогорулабай, аталган ишканадан энерегия өндүрүүнүн көлөмү артат. Бул биринчи кезекте Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү үчүн маанилүү. Мендеги маалымат боюнча Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 380 млн. доллардан ашуун каражат жумшалды. Келчекте бул каражат эки эсе акталат.
— “Датка-Кемин” долбоору да Кытайдан келген насыянын эсебинен аягына чыкты. Президент Атамбаев болсо бул долбоор өзүн-өзү актап жатканын айтты. Чын эле ушундайбы?
— Буга чейин Кыргызстан жыл сайын Казакстан менен Өзбекстанга электр энергиясынын транзити үчүн 15 млн. доллардай каражат төлөп келген. “Датка-Кемин” долбоору аяктап андан кутулдук. Негизи эле насыяга курулган энергетикалык долбоорлор өзүн актамак тургай эки эсе киреша алып келет. Элибиз ал жагынан ойлонбой эле койсо болот. Мен муну адис катары айтып жатам.