— Кыргызстаныбыз өнүгүүгө карай чындап бет алып, 20 жылдап топтолгон маселелер чечилүүдө. Мындай тыянакты эксперттер чыгарышты. Президент Алмазбек Атамбаев да эл алдындагы сөзүндө муну баса белгиледи. Жасалган иштердин кайсынысы сиздин купулуңузга толду?
— Калыстык үчүн айтайын, Алмазбек Атамбаев президенттикке келгени аялзатынын, өзгөчө энелердин ою, тилеги, ички ниеттери ага карата аябай жакшы болду. Анткени, буга чейинки коомчулук, бийлик жетекчилери энелерди ооз жүзүндө сыйлап келишсе, Алмазбек Шаршенович өлкө башчылыгына келээри менен бул нерсени иш жүзүнө ашырып, аялзатына, жалпы энелерге ушунчалык көңүл бөлүп, “Энелер күнүн” бекитип берди. Президенттин энелерге көңүл бөлгөнү – эл-журтка көңүл бөлгөнү деп айтаар элем.
Өлкө башчысы катары ал киши абдан көп иштерди аткарды. Алмазбек Атамбаев президент болгондон бери өлкөбүздө Кудайдын кулагы сүйүнсүн, тынччылык болуп, стабилдүүлүк сакталып турду. Мунун өзү чоң олжо. Биз мындай тынчтыктын баа-баркын билип, баалашыбыз керек. Мен азыр даана байкайм, элибиздин пейли да даана ток пейил болуп өзгөрдү. Элибиз өзүнүн кутун сезгендей, жакшы пейилде жашап жатышат. Буга Атамбаевдин салымы абдан чоң.
— Президент “Энелер күнүн” белгилегендигин жогоруда айттыңыз. Ошол себептен эле президенттин саясатын колдоп жатасызбы?
— Албетте, бул себептен да, башка иштери жагынан да мен абдан колдойм. Анан калса ал киши президент катары ар бир сөзүндө Кудайды оозунан түшүрбөй, өзүнүн апасын ар убак эскерип, көп айтат. Мен анын ушундай сапатын абдан баалайм. Кудайды оозунан түшүрбөгөн адам гана абдан жакшы адам деп ойлойм.
— Болочоктогу президентибиз дагы Алмазбек Атамбаев сыяктуу Кудайды оозунан түшүрбөгөн, ыймандуу, ошол эле энелерибизди сыйлаган, ал кишинин ишин уланткан адам болсо дейсизби?
— Сөзсүз да. Бул кишинин ыймандуу жолун келечектеги президент улап кетиши керек. Башкасын айтпай эле коеюн, соңку 2 жылдын бирин “Тарых жана маданият” жылы деп, экинчи жылды “Ыйман, Адеп жана Маданият” жылы деп жарыялабадыбы. Көрдүңөрбү, анын президент катары ишин ушундай фактылардан эле кандай иштерди аткарып жаткандыгын билсек болот. Энелик тилек менен Атамбаевдей президент келсе экен деп ар убак Кудайдан тиленип келем.