Жума башында Нарын шаарында 30 чамалуу адам митингге чыгып, электр энергиясы боюнча климаты катаал райондордо жашагандарга жеңилдикти көбөйтүүнү талап кылды. Негизи өкмөт шарты катаал аймактарда жашагандар үчүн 1000 кВт/саатка чейинки электр энергияга 0,77 тыйындан төлөө боюнча жеңилдик берген. Ага болбой эле аны 2 миң кВт/саатка чейин көтөрүүнү сунуштагандар ар кандай талкууну жаратып жатат. Бирок, бул жарандар Кыргызстанда электрдин баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кескин төмөн экенин, алар үчүн өкмөт кошумча миллиондорду төлөп жатканын унутуп калгандай.
Министрлер кабинети бул маселе боюнча атайын билдирүү таратып, ошол эле жеңилдик алгандар үчүн өкмөт өткөн жылы 46 млн 275 миң 800 сом төлөп бергенин билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө баары конкреттүү айтылган. “Климаты катаал райондордо жашагандарга электр энергиясын пайдаланууда берилген жеңилдик боюнча 2016-жылга 46 млн 275,8 миң сом (1-кварталга: 14,9 млн. сом, 2-кварталга: 9,5 млн сом, 3-кварталга: 6,8 млн сом), толугу менен төлөнүп берилди. 2016-жылдын 4-кварталына карата 14 млн 971 миң сом 2017-жылдын январь айынын аягында келип, абоненттердин эсеп беттерине түшүрүлдү. Бир абонентке жалпы 785 сом берилет. Анын ичинде кыш айларына (7 айга 595сом) ар бир айга 85 сом, жай айларына (5 айга 190 сом) ар бир айга 38 сомдон болот. Электр энергиясы 7 ай бою — 1-октябрдан баштап 1-майга чейин — 1000 кВт/саатка чейинки электр энергияга 0.77 тыйындан төлөнүп келет”, — деп айтылат билдирүүдө. Социалдык саясат, карапайым элге болгон камкордук мындан артык болбосо керек. Кыргызстанда 7 облус болсо, ар бир аймакта кыйын күндү кечирип жаткан мекендештерибиз бар. Нарын облусунун элине шартын эске алып ушунча жеңилдик болгондон кийин топук кылганды да билиш керек. Кээ бир райондун суугу Нарындын катаал аба ырайынан ашып түшөт. Алар митингге чыккан жок го. Ошондуктан маселе көтөрүүдө алды-артыбызды бир кылчайып карап койгон ашыктык кылбас.
Молдовада жашасаң 9, Казакстанда 7 сомдон төлөйсүң
КМШ эле эмес дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине караганда Кыргызстанда салыштырмалуу электр энергиясынын баасы бир топ төмөн. Коңшу мамлекеттерди алып көрөлү, Казакстанда карапайым калк 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 6,84 сомдон төлөйт. Алар бизге караганда энергияны арзан жолдор менен өндүрө турганын баса белгилей кетели. Өзбекстанда болсо анын баасы 3 сомду чапчыса, коңшулаш тажиктер 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 2 сомдон төлөйт. КМШнын башка мамлекеттеринде деле энергиянын баасы арзан эмес. Маселен, Молдова өкмөтү калкка электрди 8,64 сомдон сатса, Россияда 3,72 сомдон төлөйт. Ал эми дүйнөдөгү эң кымбат энергия Данияда сатылат. Бул өлкөдө жашагандар электрдин килловатына 15 сомдон ашык төлөөгө мажбур. Ал эми Кипр, Ирландия деген мамлекеттерде 1 кВт/саат электр энергиясы 14-13 сомдон сатылат.
2015-жылдын жайында Арменияда эл электрдин баасын арзандатуу талабы менен көтөрүлүп, бул өлкөдө төңкөрүш болуп кете жаздаган. Бул мамлекеттин тургундары Кыргызстандын жарандарына караганда жакыр жашайт. Арменияда 190 АКШ долларына араң жетет. Кыргызстанда болсо бул көрсөткүч 230-240 долларды түзөт. Ушул мамлекетте деле 1 кВт/саат электр энергиясынын баасы 5 сомдон ашат.
Энергетика тармагына асыла берген терс натыйжа гана алып келет
Кыргызстандын келечеги энергетика тармагы деп айтып келебиз. Суу ресурстарына бай болгон биздин өлкөнүн энергетикалык потенциалы абдан жогору. Бир эле Нарын дарыясына дагы 15 ири ГЭСти курсак болот. Албетте, бул ири сумманы жана инвесторлорду талап кылат. Электрдин баасы төмөн бойдон сактала берсе, бул сумманы да азайтууну талап кылган митингдер өтө берсе, инвесторлор кайдан келмек эле? Өндүрүлгөн электр өзүн-өзү актабай жаткандан кийин тармакка каражат салууну эч ким каалабайт. Негизи адистер Кыргызстандагы 1 кВт/саат энергиянын өздүк баасын 2 сомго жакын суммага баалап жүрөт. Ардагер энергетик Карыпбек Алымкулов азыркы баа менен энергетика тарманын өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин айтат. “Чындыгында 10 жылдан бери электрдин баасы өзгөрүлө элек болчу. Бул жыл аралыгында башка нерселер канча эсе кымбаттаганын баары билет. Азыркы баа менен энергетика тармагын өнүктүрүү мүмкүн эмес”, — дейт ал.
Ошентсе да, Кыргызстандын бийлиги карапайым элди ойлоп электрдин баасын саясый негизде көтөрбөй келет. Тоолуу аймактарга жеңилдиктер берилген. Мына ушул көрүнүштөрдү эске албай бир облустун кызыкчылыгын көтөрүп, жеңилдикти талап кыла берген эч качан жакшылыкка алып келбейт. Нарында эл кантип жашап жатса, Чаткал районунда жыргап жаткан жок. Же Тогуз-Торо районуна жаз келип калган жок. Андыктан маселе көтөргөндө да элди бөлгөн туура эмес. Мындай көрүнүштөр өлкөнүн бүтүндүгүнө гана шек келтирет.
Жекшенбек Абдысатаров