Домой Аналитика Расул Умбеталиев: Чиеленген коррупция энергетиканы кризиске кептеди

Расул Умбеталиев: Чиеленген коррупция энергетиканы кризиске кептеди

13

Кыргызстанда быйыл кыш оор болгондуктан, өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кылуу бир топ үзгүлтүккө учурады. Өлкө боюнча электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүүдө.

Муну министрлик электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткендиктен, маал-маалы менен өчүрүүлөр башталганын моюнга алды.

Бул тууралу энергетка боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикирин уктук.

— Кыргызстанда азыркы энергетика боюнча абал кандай?  

— Азыр энергетика тармагы өтө оор абалда. Мамлекеттик деңгээлде кризиске кептелди. Буга чейин энергетика министрлиги кыш мезгилине 100 пайыз даярбыз деген убадаларын берип, жарык өчпөөрүнө ишендиришкен. Бирок, азыр мына өлкөдө маал-маалы менен өчүрүүлөр жүрүп, калкты бир топ түйшүккө салды.

Өчүрүүлөргө биринчи эле кезекте, Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгы, ЖЭБдеги 4-энергоблокто оңдоо жүрүп жатканы жана башка ГЭСтер толук иштебей жатканы себеп болду. Энергетика тармагын жөнгө салып, ишин алдыга жылдыруу үчүн ал жерде элдин камын ойлогон адамдарды алып келүү керек. Ошондой эле, энергетика тармагынын коррупцияга малынганы, кадрдык саясат да ишти артка тартып жатканы турган иш.

— Азыркыдай өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн кандай чараларды көрүү керек?  

— Акыркы жылдары Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү кескин түрдө азайды. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, министрлик тиешелүү чараларды көрүп, ар кандай жагдайларга даяр болуусу шарт. Эң негизгиси, жаз-жай айларында сууну коңшу өлкөлөргө бербей, өзүбүзгө сактап, кышка кам көрүүнү ойлонуш керек. Бирок, биз өзүбүзгө сактамак тургай, коңшу өлкөгө ашыгы менен берип жатабыз.

Ошондой эле, Кыргызстанды энергетикалык кризистен алып чыгуу үчүн реформаларды жүргүзүп, алдыдагы 5 жылга мамлекеттик-улуттук стратегия түзүү керек.

— Электр энергияга болгон тарифтин көтөрүлөрү күтүлүүдө. Эл буга даярбы?

— Май айында тарифтин кымбаттарын президент өзү да эскерткен. Бирок, тарифти көтөрүүдөн мурун калктын даярдыгын эске алуу керек. Эгер тариф кымбаттаса анда, айлык акыны да жогорулатуу шарт. Менин оюмча, электр энергиясына болгон тарифти жеке менчик компаниялар, алтын казган, майнинг фирмаларына жана ири завод-фабрикаларга киргизсе туура болмок. Анткени, алардын киреше булагы карапайым элдикине караганда кыйла жогору.

— Бул учурда көмүр тартыштыгы жаралбайбы?  

— Былтыр жай мезгилинде мурдагы Эгергетика министри Доскул Бекмурзаев Казакстандан көмүр албай, өзүбүздүн кара-кече менен элди жана Бишкек ЖЭБди камсыз кылабыз деп убада берген. Бирок, азыркы учурда элди көмүр менен камсыз кылуу ишке ашпай жатат. Алдыда дагы кандай болот байкабыз.

булак: eurasiatoday.ru