Домой Коом Энергетикада кадр алмаштыруудан чуу чыкканы калды…

Энергетикада кадр алмаштыруудан чуу чыкканы калды…

41

«Кыргызстан Улуттук электр тармактары»(ОАО «НЭСК) ачык акционердик коомунун жалпы жамааты Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ичинде жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына нааразы. Алар 16-18 август күндөрү “АКИ ПРЕСС” маалымат агенттигинде жана “ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК” маалымат борборунда жалпы массалык маалымат каражаттары өкүлдөрүн чогултуп маалымат жыйынын берүүгө белсенип турушат. Ал үчүн алдын-ала коомчулукка атайын билдирүү таратышты. Азыркы учурда «Кыргызстан Улуттук электр тармактары»(ОАО «НЭСК) ачык акционердик коомунда абдан кооптуу абал түзүлгөнүн маалымдайбыз. Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев, орун басары Таалай Ибраев жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысы Таалайбек Байгазиев аттуу энергочиновниктер биригип алышып, министрликтин ичиндеги кадрдык маселени башаламандыкка алып келишти. Өзүлөрүнүн жеке саясатына туура келбеген жетекчилерди кызматтан алуу аракетин көрүшүп, алардын ордуна жек-жаат, жоро-жолдошторун кызматка алып келип жатышканын эмгек жамааттан кабарлашты. Алардын айтымында энергосектордогу бардык тармак жетекчилерин монополиялык жол менен орундарынарды бошоткула деген талаптарды коюшкан. Министрликке топтолгон жетекчилердин шылуун максаты – өз адамдарын энергетика тармактарындагы маанилүү кызматтарга коюп, мамлекеттик сатып алууда, техникалык шарттарды берүүдө, капиталдык курууда жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда акча уурдоо коррупциялык схемаларын түзүү жолдоруна бара жатышат. Буга чейин эмгек жамааттын атайын кайрылуусу менен, массалык маалымат каражаттарына министр Бекмурзаев кызматка келгенден баштап, болуп жаткан баш аламандыктар тууралуу бир канча материалдар жарыкка чыккан. Социалдык тармактарда коомчулуктун сынына кабылганына карабай, жетекчилик ашкере кадамдарын дагы деле улантып жатат. Бекмурзаев министр болуп келээр замат жан-жолдошу, табакташы Таалайбек Ибраевди дароо өзүнө орун басар кылып алып келип алды. Ага чейин каарманыбыз өлкөдөгү майлуу-сүттүү кызматтарда иштеп турду. Айтсак, ушул эле энергосектордо бир канча жыл иштеп, андан соң “СДПК” партиясынын катары менен Жогорку кеңеште депутат да болуп турган. Учурунда Чүй ПВЭСинде директору болуп турганда, коррупциялык иш аракеттери үчүн кызматтан алынган. Ал тургай ал кезде коррупциялык иш-аракеттери УКМК жана ГСБЭП тарабынан текшерилип тастыкталган. Бул фактыларды коомчулук унутуп калды, убакыт өттү, элдин эсинен чыкты дейби, айтор Бекмурзаевдин Ибраевди даражалуу кызматка алып келип коюшу энергосектордогу адистердин оозун ачырды. Учурда “Кыргызстан Улуттук Электр Тармактары” Ачык Акционердик Коомунда башкы директор болуп иштеп келген Эмил Куданалиев да учурда министр Доскул Бекмурзаев менен Таалайбек Ибраевдин куугунтугунун айынан иште эмес, дарыланууда (больничныйда) жүрөт. Уюшкандар анын ордуна эми 2020- жылы «Электр станциялары» Ачык Акционердик Коому компаниясынан Бишкек жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келип, УКМК тарабынан иши териштирилип жаткан Ачикеевди алып келгенге шашылышууда. Жолдош Ачикеевди дайындоо боюнча министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго министр НЭХК сунуш берип, макулдугун алган. Буга байланыштуу эки айдан ашык убакыттан бери Куданалиевди эч себеби жок “кызматтан кетүү арызыңды жаз” деп кыйнап келишет. Бирок, Эмил Куданалиев өз чындыгын жашырып, кол куушуруп отуруп калган жок. Ал министрдин жасаган өз билемдигин жана кадр саясатында туура эмес кадамдарга барганын ашкерелеп, башкы прокуратурага арыз менен кайрылганганга аргасыз болгон. Бирок, каралчу иштин жыйынтыгы прокуратура тарабынан али боло элек. Азыркы учурда министр Бекмурзаев менен Куданалиевдин ортосунда айыгышкан ачык эле тиреш жаралып турганы жашыруун эмес. Ачык Акционердик Коомдун жетекчисин эмгек кодексине ылайык, дарыланууда (больничныйда) жүргөнүнө карабай, министр Доскул Бекмурзаев анын ордуна жаңы дайындоону уюштура салышы мыйзамга туура келбейт. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун башын айландырып, Ачык Акционердик Коомдун Акционерлеринин макулдук кагазы жок эле жаңы жетекчилерди дайындоо тууралуу буйрукка кол койдуруп алды. Чындап келгенде, мыйзам боюнча, а дегенде акционерлер кызматтан кетүүчү адам “өзүнүн кызматын так аткара албай жатат, же талапка ылайык жетекчи боло алган жок” деген чечим чыгарып бергенден кийин гана кызматтан алууга жана анын ордуна бөлөк кандидатты сунуштоого акысы бар министрдин. Бул жагынан алганда, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду министр Доскул Бекмурзаев чындап “потстава” кылды десек жарашчудай. Ал эми, директорлор кеңешинин болсо, “ишкананын директору дарыланууда жүргөндүгүнө байланыштуу биз ак, же көк дей албайбыз” – деген кагазы бар. (документ макалага кошо тиркелди.) Дагы бир эске ала турган факт: Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев, орун басары Таалайбек Ибраев жана башка тарапташтары мурдакы президент Курманбек Бакиевдин учурунда Алексей Ширшовдун, А.Чапаевдин командысында иштешкен. Уюшкан эски команданын доору эми келип, энерготармактын айланасына кайрадан чогулушуп, өз максаттарын ишке ашырып жаткан учур. Министр Доскул Бекмурзаев жана анын орун басары Таалайбек Ибраевдин куугунтуктоо кадамы менен тааныштарын кызматка алып келүү кадамына ким кандай баа берет? Кыргызстанда жогорку кызматтардагы уюшкан тааныш-билиштик менен коррупцияга чырмалышкан система жоюлбаса, экономика бир орундан жылбай тура берүүсү айтпаса да белгилүү. Энергетиктер эми бул саясаттын акыры эмне менен бүтөрүн өзүлөрү билишпейт. Абоненттердин саны көбөйүүдө, ага катар – энергияны керектөө да өсүүдө. А энергетика ишканалары болсо, техникалык базасын жаӊылашка жетишпей жатышат. Бир жагынан жылытуу мезгили алдыда келе жатат. Министрлик ага карата даярдык иштерин баштамак түгүл, тигинтип кадрдык маселелер менен алышып отурат.