Домой Саясат Бекбосун Бөрүбашев, юридика илимдеринин доктору: “Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин мандаттарын тапшыры...

Бекбосун Бөрүбашев, юридика илимдеринин доктору: “Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин мандаттарын тапшыры жеке абийиринде”

58

cialis canada review. Bekbosun-Borubashev

— Коомчулукта президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сыяктуу президенттик шайлоого мандаттарын тапшырып туруп барышса болмок деген кеп күч алууда. Сиз кандай ойлойсуз? Бул экөө мандаттарын тапшырышса болот беле?

— Мен билгенден мыйзам боюнча президент менен Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого баратканда өздөрүнүн мандаттарын тапшырбайт. Бул мыйзамдын өзү туура эмес кабыл алынган. Башмыйзамда жобосун бузуп коюшкан. Мурун кабыл алынган мыйзамдын мындай беренеси туура эмес кабыл алынган.

Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев негизинен мыйзам бузган жери жок. Эгерде талапкерлерге башында эле талапкерлерге президент болобу, Жогорку Кеңештин же айылдык кеңештин депутаттары, ошол эле министр болобу шайлоого карай кызматтарынан кетсин деп мыйзам туура кабыл алынса, мандаттарын тапшырып кетишмек. Ошондуктан, биз эң биринчи себепти мыйзамдан издешибиз керек.

— Негизи Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев мандаттарын тапшырып, үлгү көрсөтүп коюшса болот беле?

— Ал эми моралдык жагы. Ал адамдын өзүнүн абийиринен. Эгерде алар мандаттарын тапшырып коюшуп, шайлоодон өтпөй калышса мандаттарына барышы өтө оор болуп калат да. Дагы айтам, ошон үчүн мыйзамдын өзү туура эмес кабыл алынган. Мен эң биринчи талапкерлерге күнөө койбойм, мыйзамга күнөө коем. Анткени, мыйзам баарысы үчүн бирдей болушу керек. А Кыргызстанда мыйзам андай жазылбайт. Ушул жагын айтсак болот.