Домой Экономика Каатчылык кезеңинде электр тарифин көтөрүүгө болбойт

Каатчылык кезеңинде электр тарифин көтөрүүгө болбойт

114

Таалайбек Нурбашев, Айбек Калиев жана Алмазбек Атамбаев

Өткөн жуманын ишемби күнү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агентчиликтин директору Таалайбек Нурбашевди жана “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Анда өлкөбүздөгү энергетика тармагындагы талылуу маселелер тууралуу маалыматтар айтылды. Тактап айтсак, электр кубаттуулугун импорттоо боюнча жана 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөткө тарифтик саясатында каралган 20 пайыздын ордуна электр кубаттуулугуна тарифтерди 10 пайызга көтөрүү боюнча пландар жөнүндө маалымат айтылды. Ток этерин айтканда, электр энергиясынын тариф саясатына өзгөчө маани берилди. Бул маалыматтарды уккан соң мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев: «Дүйнөлүк экономикалык каатчылык болуп турган учурда Кыргызстандын калкы үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө болбойт», — деген чечкиндүү пикирин билдирди. Албетте, учурда ансыз да экономикалык каатчылык өзүнүн таасирин тийгизип турган маалда электр энергиясынын баасын көтөрүү чекилик иш болуп калмак. Бул жааттан алганда кыргыз бийлиги электр тарифи саясатын жүргүзүүдө өтө гумандуу кадамдарды жасоодо. Маселен, 700 кВт. саатка чейин 77 тыйындык социалдык тариф сакталып келет. Мына ушунун өзү эле карапайым калк үчүн канчалык жеңилдик экенин колунда бар, бардар адамдар түшүнө бербесе керек. Ал эми 700 кВт. сааттан жогору колдонуучулар – булар көбүнесе заңгыраган хан сарайларда жашагандар болуп саналат.

Азамат КАНГЕЛДИЕВ