Домой Саясат Туура жолдо бараткан Кыргызстандын сыры…

Туура жолдо бараткан Кыргызстандын сыры…

53

articulo 139. кыргызстан

Өз алдынча мамлекет болдук, көз карандысызбыз деп баш кийимибизди көккө ыргытып кубанган күндөн тарта дээрлик 20 жыл бою Кыргызстан өзүнүн жолун таба албай, ар кайсыл жакка ооп келгенин жашырууга болбойт. Өтө оор сыноолорду башынан кечирди. Туңгуч ажобуз А. Акаев Кыргызстанды “Демократия аралчасы” кылам дегени менен бара-бара өзүнүн үй-бүлөлүк башкаруусун бекемдеп, мамлекетибизди жеке менчик бизнес-ишканасындай эле пайдаланды.

Андан кийин бийликке келген К. Бакиев да анын жолоюн улап, алтургай аны эки эсе күчтөнтүп, чыныгы авторитардык үй-бүлөлүк башкаруу кандай болорун тастыктады. Натыйжада эки ирет катары менен революция жасалды.

Мына ушунун өзү кыргыз эли, кыргызстандыктар эч качан үй-бүлөлүк башкарууга, адилетсиздикке, акыйкатсыздыкка чыдабай тургандыгын көрсөттү. Ошентип 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргызстанда чыныгы демократияны орнотуу, демократиянын принциптери менен өнүгүү багытына кадам таштоо башталды.

Ырас, апрель революциясынан кийинки бир жарым жыл убакыт күчөп кеткен башаламандыкты азыраак болсо да стабилдүүлүккө жеткирүү аракеттери менен гана өттү. Андан кийин ошол стабилдүүлүктү бекемдөө менен бирге мамлекетибиздин чыныгы өнүгүү жолун аныктоо жана аны бекемдөө багытында алгылыктуу иш-аракеттер жасалды.

КСДП партиясын түптөп жана анын ишмердүүлүгүн тынымсыз улантып келаткан Алмазбек Атамбаев 2011-жылы жалпы элдин добушу менен КР президенти болуп шайланды. Ал өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн бийлик бутактарына жакын жолоткон жок. Эл менен бийликтин ортосундагы байланышты жакындатууга бардык күчүн жумшады. Мамлекетибиздин тагдырына байланыштуу бардык маселелер коомчулуктун көз алдында ачык талкууланып, андан кийин гана чечим кабыл алынып жатты.

А. Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанда бир топ олуттуу реформалар жасалды, ири долбоорлор ишке ашты. Энергетика жаатында толук көз карандысыздыкка жетиштик. Коррупцияга каршы айыгышкан күрөш ачылды.

Албетте бул убакыт аралыгында А. Атамбаев президент катары КСДП партиясындагы мүчөлүгүн токтоткон. Бирок, баары бир ушул партияны түптөгөн лидер катары анын жасаган иштери партиянын аброюн дагы да арттырып отурду.

Аталган партиянын атынан парламент төрагалары, өкмөт башчылары шайланып, өлкө кызыкчылыгы үчүн татыктуу иштеп беришти. Бүгүнкү күндө да өкмөт башчы аталган партиядан келгенин жакшы билебиз.

Ошондон улам акыркы алты жылда жетишилген ийгиликтер КСДП партиясынын аты менен тыгыз байланыштуу десек жаңылышпайбыз. Өткөн жылдын этегине жакын, Алмазбек Атамбаев бийликтен кетээр алдында Европалык Союздун финансылык колдоосунда SIAR Research Consulting, “Гэллап” компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын туура багытта бара жатканына бүгүнкү күндө 66% кыргызстандыктар ишене турганы билинген.

Демек, биз туура өнүгүү жолунда бара жатабыз. Ошол эле убакта “Өлкөбүздүн экономикалык абалы оңолдубу?” деген суроого “Байкалаарлык оңолду” жана “азыраак оңолду” деген жоопторду кошкондо 53% болгон. Мунун өзү бизде өнүгүү да бар экенин айтып турат.

Ал эми “Жеке үй-бүлөлүк финансылык абалыңыз жакшырдыбы?” деген суроого 46% кыргызстандыктар “ооба” деген жоопту берген. Болгону 9% гана респонденттер “абалыбыз оор” деген жоопту узаткан.

Айтор, жалпысынан алганда өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолун туура аныктап, ошону менен катар эле өзгөрүүлөр, алдыга жылуулар менен коштолуп атканын аталган компаниянын сурамжылоосу далилдеген. Албетте, мына ушул ийгиликтер, жетишкендиктерде КСДП партиясынын салымы өтө чоң экени  талашсыз. Себеби, бардык реформалардын башында аталган партия турду. Муну эч ким тана албайт.