Журналист Кабай Карабеков өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоонун астында негизсиз каралап, ал тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат тараткан. Анысы соттон далилденип, Карабеков 5 млн. сом айыпка жыгылган. Ал эми “Репортеры без границ” деген уюм бул көрүнүштү сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалаптыр. Сиз мындай бүтүмгө кошуласызбы?
— Сөз эркиндиги менен жоопкерчилик эриш-аркак нерсе. Бизде сөз эркиндиги бар деп эле ар кимди каралай бергенди чектеш керек. Калп маалымат жазып, башка адамдардын беделине шек келтиргендер жоопко тартылса журналисттер да тактыкка көнүшөт. Фактыларга, чындыкка таянган курч макалалар болсо бир жөн. Азыр карандай калпты ышкырткандар көбөйбөдүбү.
— К.Карабековдун окуясы сөз эркиндигине шек келтиреби?
— Бул маселени саясатташтырып, аны саясый жакка буруштун кереги жок. Анын сөз эркиндигине да тиешеси жок. Кандай болбосун соттун чечимин аткаруу керек. Андыктан К.Карабековдун маселесин президент эмес, сот аткаруучулар чечет.