«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери декларацияланбаган унааны аныкташты.
«Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарлардын туура эмес декларациялоо фактысын аныкташкан.
«К.А.Б.» алуучунун дарегине БАЭден, жарым чиркегич менен унаада ассортименттеги автомобиль тетиктери келген.
Унааны алдын ала кароо учурунда декларацияланбаган — «Toyota Crown» унаасы аныкталган.
Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.