«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жараны «С.Э.С.» Ош облусу боюнча «УНАА» мамлекеттик мекемесинде каз тамандуу өзү жүрүүчү «асфальт төшөөчү» — товарын каттоого койгону аныкталган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө товарларга берилген декларация Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасында маалымат базасында көрсөтүлбөгөндүгү белгилүү болгон.
Факт АДС КБР МКЖга катталып, материалдар КР транспорт прокуратурасына өткөрүлүп, кароонун жыйынтыгы менен жазык иши козголгон.