«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери жалган декларациялоо фактысын аныкташты, келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион сомдон ашты
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.
Кытайдан «Н.О.Л.» ЖЧК дарегине «Volvo» маркасындагы жүк ташуучу унаада байпак товары келген. Автоунааны бажылык текшерип кароодо декларацияланбаган эл керектөөчү товарлар табылган.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, декларацияланбаган товарлардын орточо базар баасы 21 131 084 сомду түзгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 756 006 сомду түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.