Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо, сот, көзөмөл органдарындагы тамырлашкан коррупцияны ачык айтып, тиешелүү жетекчилерге катуу талаптарды койгон. Өлкө башчысынын дал ошол жыйындагы билдирүүсү коомчулукта чоң талкууну жаратып, президентти колдоп чыккандар басымдуу болууда. Айрым экспертер С.Жээнбековго өз сунуштарын берсе, ондон ашуун коомдук уюмдар жалпы элди коррупция менен күрөшүүгө чакырды, президенттин демилгесин колдоп чыгышты.
14-февралда коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев да өлкө башчысынын Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүсүн колдоп, жакында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн атайын кыймыл түзүү планы бар экенин билдирди. “Учурда дүйнөнүн 176 мамлекеттин ичинде Кыргызстан коррупция боюнча 136 орунда, биз паракорчулукка моюнубузга чейин эле эмес, чачыбызга чейин малынганбыз. Сооронбай Жээнбеков бул күрөштү баштайм деп турат. Ага бут тосуп ар кандай аракеттерди жасагандар болот. Анын күрөшүн шылдыңдап карап, күлүп тургандар да болот. Биз да жөн карап отурбай, бул коррупцияга каршы күрөштө жалпы чоң кыймыл түзөлү деп чечтик. Буга төртүнчү бийлик катары эсептелинген массалык маалымат каражаттары активдүү катышуусу керек. Биз ондогон массалык маалымат каражаттардын жетекчилери менен сүйлөштүк. Алар бизди колдоп жатат”, — дейт Топчубек Тургуналиев.
Т.Тургуналиев президент коррупцияга каршы күрөшөбүз деп айтып жатканда ошол жерде 80-90 пайыз коррупцияга малынгандар отурганын айтат. Ошондой эле ал Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөн органдарга карата туура сын койгонун баса белгиледи. “Президент коррупция менен күрөшкөн органдардын өздөрү коррупцияга малынып калган деп туура айтты. Биз ыңкылаптарда койгон талаптардын негизгилери мына ушул коррупцияны жок кылуу болчу. Бирок бул аракеттер ишке ашпай келген. Бизде коррупция бир-эки эле баштуу эмес, миң баштуу ажыдаарга айланып кеткен. Мен да бул сөздөрүнө кошулам. Жээнбеков коррупция менен күрөшөбүз деп жатканда ошол жерде 80-90 пайыз коррупцияга малынгандар отурду”, — дейт Топчубек Тургуналиев.
Топчубек мырза президент Сооронбай Жээнбековдун 6 жылдык мөөнөтүндө коррупция кескин түрдө кыскарат деп ишенип жатканын айтат. “Жакынкы жылдары, тагыраагы, Жээнбеков президент болуп турганда коррупция толук жок болот деп ишене албайм, бирок кескин кыскарат деп ишенем. Эмнеге, анткени мен Сооронбай Жээнбековдун ата тегинен бери изилдеп чыктым. Анын мамлекеттик кызматта иштеп туруп, акча жегендиги тууралуу бир да маалымат тапкан жокмун. Эгер акча жегени тууралуу маалыматы болсо мен кескин түрдө ага каршы чыкмакмын”, — дейт ал.