Домой Саясат Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев чоң-чоң убадаларын аткарды”

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев чоң-чоң убадаларын аткарды”

59

hqdefault

2010-жылдагы революцияда Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү бийликке келген. Андан бери туура 7 жыл өттү. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевадан кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаевдин да мөөнөтү аяктап баратат. Бул аралыкта 7-апрелдеги элдин үмүтү канчалык акталды, ыңкылап өз максатына жеттиби?

—          Кыргыз эли кылымдардан бери эли үмүт менен жашап келе жатат. Үмүт деген өлбөйт, өчпөйт экен. Ал эми 2010-жылдагы революциянын максаттары тууралуу айтсам, анын баары аткарыла элек. Революциянын максаттары тез эле ишке ашып кетпейт. Францияда деле бир канча жолу ыңкылап болуп, бир топ убакыттан кийин өнүгүү болгон. Бизде да акырындык менен ийгиликтер болууда. Эң башкысы, туура жолго түштүк.

Чынында президент Алмазбек Атамбаев бийликке көп убадаларды берип келген. Ошентсе да, ал убадаларынын чоң-чоңун аткара алды.

—          Атамбаевдин кайсы эмгектерин өзгөчө баса белгилеп айтып кетет элеңиз?

—           Атамбаевдин аракети менен Кыргызстанда 2 жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Аны менен Кыргызстандын аты дүйнөгө тарады. Буга чейин кыргызды “Манас” эпосу, Чыңгыз Айтматов дүйнөгө белгилүү кылган болсо, Көчмөндөр оюндарынын мааниси да абдан зор болду. Бул абдан уникалдуу долбоор. Анын ичинде ордо, тогуз коргол сыяктуу интеллектуалдык оюндар бар. Манас атабыз өзү ордо оюнун сүйүп ойногон экен.

Экинчиден, Советтер Союзу учурунда Кыргызстан менен Тажикстан электр кубатын эң көп чыгарган өлкө болгон. Ошондой болгон күндө деле аны башкаруу борбору Ташкентте жайгашып, өзүбүз өндүргөн энергияны өзүбүз башкара албай келгенбиз. Атамбаевдин аракети менен “Датка-Кемин” долбоору курулуп Кыргызстан толугу менен энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жеттик. Бул өзү чоң жеңиш.

Үчүнчүдөн, түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативдүү жол курулууда. Бул жолдун мааниси да чоң.

Төртүнчүдөн, Атамбаев 3 жыл мурда Россиянын президенти Владимир Путинди Алтай кыргыздардын жери болгон деп көндүргөн. Быйыл болсо бул боюнча чоң жыйын өттү. Бул да чоң иш.

—          Атамбаев Кыргызстанга эч кандай пайда алып келген жок, иштей албады дегендер бар. Мындай пикирлерге кандай карайсыз? buy zolpidem us.

—          Башка мыкты президенттердин деле кемчиликтери болот. Атамбаевде деле кемчиликтер кетти. Ал эми Атамбаев эч нерсе жасабады деген оппозиция сөрөйлөр колунан эч нерсе келбеген адамдар. Эгер адилет киши болсоң жаманын да, жакшысын да айтышың керек. Президенттик шайлоого колунан коко келбегендер катышканын деле көрбөдүкпү.