Түбөлүк оппозиционер, акыркы жылдары “манас таануучу” болуп кеткен Топчуке Жогорку Кеңештин “Манас” эпосу боюнча жыйынына катышып жатып:
— Биздин ЖКдагы депутаттардын жарымы паракорлордон жана акмактардан турат, алар Манасты билишпейт, түшүнүшпөйт – деп мурутун кырча тиштейт. Анда спикер Турсунбеков:
— Топчуке, антип айтпаңыз. Токтоосуз кечирим сураңыз!
Узакка созулган тыныгуудан кийин Топчуке:
— Макул, кечирим сурайм. Бирок, ЖКнын жарымы акмактардан жана паракорлордон турат, — деп кайрадан мурутун кырча тиштептир.