Домой Саясат Карапайым жарандар: Президентке колдоо көрсөтүп, коррупцияны жеңели!

Карапайым жарандар: Президентке колдоо көрсөтүп, коррупцияны жеңели!

44

35627_w654_h402_resize8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарындагы коррупция тууралуу ачык айтып, аны менен чечкиндүү күрөш башталарын жар салды. Президенттин бул жыйындагы билдирүүсү коомчулукта катуу колдоого алынууда. Дал ушул милиция, прокуратура, сот тармагындагы коррупция, өлкө башчысынын алар тууралуу айткандары боюнча карапайым жарандардын пикирин сурап көрдүк. viagra coupon walmart.

Перизат СУБАНБЕКОВА, Кочкор-Ата шаары:
— Мен президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановго иштеп, ошол талапкерге үгүт жүргүзгөм. Чынын айтканда үй-бүлөбүз менен Бабановду шайлаганбыз. Бирок, анын жигиттик сапаты жок экенин качып кеткенден кийин билдим. Азыр бир чети анын артынан ээрчигениме уялам.
Сооронбай Жээнбековду буга чейин тааныбайт деле болчумун. Бирок, президент катары катуу талаптарды коюп жаткандан кийин пикирим өзгөрдү. Коррупцияга каршы күрөштү мурда эле укук коргоо органдарынан, соттордон башташ керек болчу. Анткени, чыныгы паракорчулук ушул тармакта. Эми катуу талап коюлду, бул сөз жүзүндө эле калбашы керек.

Жоодар АЙДАРОВ, Балыкчы шаары:
— Президенттин Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүсүн оппозициялык маанайдагы саясатчылар, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү да колдоого алууда. Коомчулук болсо паракор соттордон, милициядан, колу булганган прокурорлордон тажады. Президент Сооронбай Жээнбеков аларга так диагноз койду. Эми чечкиндүү кадамдар керек. Кээ бирөөлөр заматта күч органдарынын жетекчилерин кызматтан алууну сунуштап чыкты. Бирок, азыр иштеп жаткан жетекчилерге дагы бир мүмкүнчүлүктүн берилгени жакшы. Анткени, алар бир топтон бери ошол тармакта иштеп коррупция кайсы бөлүмдөрдө болуп жатканын билет. Эми кыска аралыкта жыйынтык чыгарсын. Аны убакыт көрсөтөт. Ошентсе да президент Жээнбековго эл арасында ишеним жарала баштады.

Замирбек ОРОЗАЛИЕВ, Ош шаары:
— Президенттин Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүн Коомдук каналдан аягына чейин көрдүм. Жээнбековдун сөзү мага эле эмес жалпы элге жакты. Президент укук коргоо органдарынын ишин дыккат изилдеп чыкканы көрүнүп эле турат. Алардын аткарган жумушунун жыйынтыгын статистика менен ачыктап койду. Эми талап катуу болсо. Колу булганган кызматкерлерди катуу жазалаш керек. Ошондо гана тартип орнойт.

Күлийпа БЕЙШЕКЕЕВА, Кочкор району:
— Кыргызстанда тууганчылык, жердешчилик дагы деле күчтүү. Буга чейин пара менен кармалган чиновниктерди жакындары, жердештери колдоп, алардын бошотулушун талап кылып жол тосконго чейин барды. Мындай нерсени токтотуш керек. Ырас, президент коррупция менен күрөшүүгө бел байладыбы, ага коомчулук да жардам берсин. Элдин канын соргон жетекчилерди коргоп чыккандарды да жазалай турган мыйзам иштелип чыкса.

Акжол САМАГАН уулу, Бишкек шаары:
— Менин бир тууган агам ак жеринен паракор тергөөчүлөрдүн, соттордун айынан 5 жыл азап тартты. Ошондо бул органдардын акча менен гана маселе чечип калганын өз көзүм менен көрдүм. Адвокаттар да буга үйрөнүп, соттор менен ошолор сүйлөшөт экен. Тергөөчүсү алат, андан кийин адовокат, анан сот менен прокурор. Баарынын оозун майлай албаган адам түрмөнүн төрүнө тез эле отурат. Булар мыйзамды да каалагандай пайдалана берет экен. Ошондуктан президенттин бул маселеге киришип жатканы абдан туура. Элди эзген сотторду, тергөөчүлөр менен прокурорлорду кустуруп эле тим болбой өздөрүн ным жыттанган түрмөгө тыгыш керек. Адам тагдыры менен ойногонду ошондо билет. Мен президентти колдоймун, керек болсо атайын коомдук уюм түзүлсө ага мүчө болуп бекер иштеп берүүгө даярмын.

Жаныбек НАРМАТОВ, Баткен облусу:
— Президенттин укук коргоо органдарына карата айтылган сынына толугу менен кошулам. Анткени, милиция иш козгоп, акча берсе ал ишти жабат. Эгер милицияга пара бербесең соттор, прокурорлор чөнтөгүңдү кагат. Муну элдин баары билип, аралашып эле жүрөт. Эми ушундай көрүнүш менен күрөшө турган учур келди окшойт. Негизи коррупцияны Кыргызстандын эң чоң душманы катары баарыбыз таанышыбыз керек. Сооронбай Жээнбеков паракорчулук менен күрөшөт экен деп карап турсак эч качан андан арыла албайбыз. Бул үчүн ар бир адам коррупцияга каршы турушу зарыл. Азыр соттор Кудайды да тааныбай калган чынында. Президент айткандай, алардын чечимдеринин да мыйзамдуулугун караш керек.