Домой Саясат Кабай Карабеков качан сөз эркиндигине күйчү эле?

Кабай Карабеков качан сөз эркиндигине күйчү эле?

70

no prescription pharmacy ambein cod.

        kabaj-karabekov

Кабай Карабеков аттуу журналист бар экенин билебиз. Кийин Курманбек Бакиевдин маалында анын «Ак жол» партиясы аркылуу парламентке депутат да болуп келген. Мына ошол эрен апрель революциясынан кийин саясаттан бир топ алыстап кеткендей болуп жүргөн. Бирок, өткөн жылда болуп өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановго кызмат кылып берген эле.

Макул, кызмат кылса кылсын, бирок ушак, имиш таратуу менен, башка бир талапкердин кадыр-баркына көлөкө түшүрүү менен кызмат өтөп бергени чыныгы журналисттин иши эмес экени белгилүү эмеспи. Ал өткөн жылдын сентябрь айында маалымат агенттиктеринин бирине «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макаласын жарыялаган. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Россияда террордук уюм деп табылган «Социалдык реформалар коому» менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты» деп жазылган.

Муну ошол убактагы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы ушак деп баалап, сотко кайрылган. Натыйжада соттук териштирүүлөрдө К. Карабеков өзүнүн жазганын эч нерсе менен далилдеп бере алган жок. Ошентип ал бүгүнкү күндө Свердлов  райондук жана Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимдери менен 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Муну Карабеков сөз эркиндигине кысым катары сыпаттап келет. Эми ушул жерден анын өзүнө бере турган суроо жаралат: «Сөз эркиндигине качантан бери кызыгып, камкордук көрүп калдыңыз эле?».

К. Бакиевдин доорунда, «Ак жол» фракциясынын депутаты болуп турганда журналисттерге коркутуп-үркүтүүлөр, алтургай өмүрлөрүнө кол салуулар болду. Бычактаган учурлар да катталды. Маселен, Геннадий Павлюк буюртма өлүмгө дуушар болду. Сыргак Абдылдаев 16 жеринен бычак жеп, Кудайдын амири менен аман калган. Дагы бир топ журналисттер чет өлкөлөп качууга аргасыз болгон. Ошол убакта Карабеков неге сөз эркиндиги тууралуу ооз ачкан эмес эле? Азыр бизде сөз эркиндиги өтө ашынып кеткени талашсыз. Мындай шартты жактырбаса, анда Карабековго эмне дээрибизди да билбейбиз. Же өзү ушак жазганы үчүн соттолсо эле жалпы сөз эркиндигине көлөкө түшүрө береби?