27-сентябрда экс-депутат, жеке ишкер Борис Воробьев маалымат жыйын өткөрүп, анда Военно-Антоновкадагы автобазарды Ѳмүрбек Бабанов мыйзамсыз жол менен басып алганын, аны тез арада кайтарып берүүнү талап кылды. Ушул базардын буга чейинки тарыхынан кабарыңыз бар беле?
— Борис Воробьевдун айткандары абдан олуттуу нерсе. Бул киши бүгүн эле эмес, тээ мурда бул маселени көтөрүп, Бабанов анын башы-көзүн жарып туруп сабаткан. Муну Бабанов бийлигине таянып кылган. Жакында эле Шарипа Садыбакасова да “АКБ Кыргызстан” банкын Бабановго кантип рейдерлик жол менен тарттырган курч макала кылып жазып чыкты. Бул бала элдин алдында сүйлөгөндө суудай тазамын деп жанын жеп жатат. Негизи Бабановдун ыпыластыгы абдан көп.
Бир эле мисал айтайын, Жантөрө Сатыбалдиев баш министр болуп турганда “Манас таануу” институтуна акча сурап кайрылып калдым. Ошондо Камила Талиева үчөөбүз отурганда Жантөрө казына бош экенин, Бабанов ири ишканалардын келерки жылкы салыктарын да чогултуп жок кылганын айтты. Ошондо бул баладан такыр түңүлгөмүн.
— Бабанов Кыргызстандын көкбөрү командасын да казактарга чөгөлөттү деген сөз чыкты. Сиздин бул боюнча пикириңиз кандай?
— Силерге окшогон журналисттер Бабанов Таластын “Ынтымак” деген командасындагы 8 бала менен жолугуп, алардын ар бирине акча бергенин жазып чыкты. Демек, ал казактарга кыргыздын намысын сатты. Эмне үчүн бир жыл мурда 15:3 менен уткан кыргыздар казактардан жеңилди? Демек, Бабанов сатылган. Анын үстүнө ал бала казактарга абдан жакын. Казакстандын жарандыгы бар экенин да журналисттер жазып чыкты. Анысы чын болсо мыйзамсыз адам.
safe way to byi viagra online. — Кыргызстан инвестицияга муктаж болуп турганда Бабанов 400 млн. долларга Пензада цемент завод курган. Бул аракетине кандай баа бересиз?
— Бабановдун капиталы Россия менен Казакстанда. Ошол үчүн да улуттун кызыкчылыгына чыккынчылык кылып Нурсултан Назарбаевге чөгөлөп барды. Мындай кыргыздын улуу тарыхында болгон эмес. Сен менен мен жаман көргөн хандар да анткен эмес. Россия менен АКШнын шайлоо боюнча чатагы бүгүнкү күнгө чейин уланып, бүтүндөй эки державанын мамилесин талкалады. Ал эми Назарбаевдин биздин ички ишке кийлигишкени да көп кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
Жакында Таласта аттуу-баштуу аксакалдар чогулуп өзүбүздүн уулубузду шайлалайлы деген сөз болуптур. Ошондо бири туруп качанга чейин жердешчил болобуз, хан шайлап жатканда ушул адатты таштайлы деп катуу сүйлөптүр. Аны көпчүлүгү колдоп кетиптир. Мен ушуга абдан ыраазы болдум.
— Бабановду колдоо үчүн Ош шаарынын тургунуна акча сунуштаган деп шектелген эки жаранга кылмыш ишин козгогону 27-сентябрда белгилүү болду. Эгер Бабанов акча таратканды токтотпосо шайлоодон четтетилиши мүмкүнбү?
— Эгер Бабановдо кыпындай абийири калса кыргыз элинин алдында чөгөлөп кечирим сурап, президенттик шайлоодон чыгып кетиши керек. Ансыз да бул баланын мыйзамсыз аракеттери толуп кетти.
— Бабановдун штабы козголгон кылмыш ишин саясат, талапкерге кысым деп жатпайбы?
— Бул жеткен абийирсиздик. Бабанов эл менен жолукканда менден коркуп каралап жатат дептир. Андан корко турган эч ким жок. Бабанов тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн көпчүлүгү тастыкталган. Бул бала боюнча айтыла турган сөз да көп. Абийирсиздикти, шүмшүктүктү токтотуу керек!