“Ала-Тоо” ресторанындагы белгилүү бир аткаминердин 60 жылдык маараке тоюнда алагүү болуп “жинди сууга” жибий түшкөн “Кыргызстандын” көмүскө кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов менен Эшеналы Арабаев атындагы ЖОЖдун мугалими Топчубек Тургуналиев Гүлнур Сатылганова ырдап жатса, ага жакын барып Шаки ырчынын төшүнө 100 доллар кыстарат, Топчуке болсо, Сатылганованы сакалы менен бетин сайгылап, чекесинен өөп, кулагына 1000 сом кыстарат.
Кулакта кысылып, заңкылдаган музыкага башы айланган 1000 сомдуктагы Жусуп Баласагын атабыз дене-бою улам кыймылдап бир аз бийлеген сайын төшкө улам терең кирип “төркүндөп” бараткан 100 долларлык Бенджамин Франклинге кайрылып:
-Ой, Франклин! Сени Кыргызстанда көп деп угабыз, бирок өзүңдү көрө албайбыз. Бул жерде кандай сыр бар? Көп учурда да көрүнбөйсүң? — деп сурайт.
-Айтканыңызда калет жок. Мен карапайым адамдардын колуна оңой менен тийбейм. Көбүнчө көпөстөрдүн көкүрөк чөнтөгүндө жатам. Анан да мени аткаминерлериң чөнтөккө оңой жайланат деп «Пара» деген кепинге ороп салса, кайдан көрүнмөк элем. Силерге көрүнө албаганым менен чоң кызматтарды аткарып келатам. Креслодогу акыйган агаларыңды, тасырайган эжелериңди мансапка жеткирип көкөлөтүп келаткан мына менмин! — деп төшүн каккылап, нары көздөй кирип кетиптир.