Домой Маек Мар БАЙЖИЕВ, драматург, коомдук ишмер: “Атамбаевдин эң чоң жеңиши – бийликти тынч...

Мар БАЙЖИЕВ, драматург, коомдук ишмер: “Атамбаевдин эң чоң жеңиши – бийликти тынч өткөрүп берип атканында”

197

1014827463

 

brand cialis 20mg best price. Президент Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү аяктап, 24-ноябрда жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кызматын өткөрүп бергени турат. Атамбаев 6 жылдык мөөнөтүндө кандай иштеди, кыргыз элине кандай мурас калтырып кетип жатат деп ойлойсуз?

—          Негизи эл башкаруу, мамлекеттин башына келүү өзүнчө мээнет. Манасты деле 12 жашында хан кылалы дегенде каршы чыккан. Алмазбек Атамбаев деле Кыргызстандын башына келип чоң мээнетти көтөрдү. Кыргыз элинин тагдыры ушундай экен. Бара-бара турмушубуз оңолуп жатат.

—          Атамбаевдин кайсы мурасы сиздин купулуңузга толуп жатат?

—          Анын эң чоң жеңиши бийликти ок чыгарбай өткөрүп жатканында. Негизи бийликтин даамын татып калган адам өлүп кетип жатса да аны колдон чыгаргысы келбейт. Ал эми Атамбаевдин жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго бийлигин тынч өткөрүп берип жатканы чоң жетишкендик. Ошондой эле Атамбаев шайлоолорду таза, тынч өткөрдү. Мелдешке чыккан мушкерлер былчылдашып бири-бирин сабап, аягында кучакташып чыгып кетип жатпайбы. Эми биздеги саясатчылар да ошолордон үлгү алса жакшы болот эле. Жеңилгенди да, жеңгенди да билиш керек.

Негизи эле 2010-жылы туура эмес Конституция кабыл алып алган. Биз курултай жол менен башкарууга өтпөсөк жыргап кетпейбиз.

—          Президент катары Атамбаев кандай кемчиликтерге жол берди деп ойлойсуз?

—          Президенттин демилгеси жакшы болуп жатты. Бирок, аны аткаруучулар кыйшаңдап бир тобу кагаз жүзүндө калды. Кээ бирөөлөр Атамбаевдин жарлыгына таянуу менен акча жеп жатты. Ал эми маданият тармагынын башына келгендердин тез-тез алмашканы да көп иштерге тоскоол болду. Көрсө депутаттар министрликтерди жиликтеп бөлүп алган турбайбы.

Негизи эл башына келген адам жыргабайт деле. Атамбаев деле жыргады дейсиңерби? Ал күнү-түнү уктабай чапкылап жүрдү.