generic propecia 5mg canada pharmacy.
«Артык кылам деп, тыртык кылып алба» деп бекеринен айтпаган да кеменгер кыргыз эли. Мына ушуну кыязы өз убагында «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов көңүлүнө таптакыр албаса керек. «Акча менен баарын чечсе болот» деген «формула» менен президенттик жарышка аттанып алып, анан өзүнүн жеңишке жетерине «Кудай буюрса» деген ниетти унутуп коюп эле «терең ишенип» алганынан улам, ал шайлоо алдындагы үгүт кампаниясында өтө чоң катачылыктарды кетирди, мыйзам алдында жаза мөөнөтүн өтөй турган катачылыктарды кетирди.
Ошентип шайлоо аяктаары менен ал чет өлкөлөрдүн бирине «эс алып келет элем» деген шылтоо менен чыгып кеткен боюнча дайын-дареги жок. Ал ортодо ага карата Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Болгондо да өтө оор беренелер боюнча – улуттар аралык жаңжалды козутуу. Бул маалымат албетте Бабановдун өзүнө да жеткенин жакшы билебиз. Ал сыртта жүргөн убактысында парламенттеги «РАЖ» фракциясынын депутаттары аны фракция лидерлигинен алып түшүү аракеттерин жасады. Муну да Бабанов укканын боолголоого болот.
Ошондон уламбы, айтор 13-ноябрда «РАЖ» фракциясынын кезексиз отуруму болуп, анда фракция лидеринин орун басары Талант Мамытов Өмүрбек Бабановдун фракция лидерлигинен кетип атканын жар салган билдирүүсүн окуп берди. Ошентип бул жылуу орун жаңы эле бошору менен, аны ээлеп кала турган фракциянын жаңы лидери болчулардын аттары атала баштады. Маселен, Талант Мамытов, Руслан Казакбаев, Курманкул Зулушевдердин. Азырынча булардын кимиси болору так аныктала элек.
Негизи Ө. Бабановдун өз каалоосу менен фракция лидерлигин тапшырганы анын акыркы учурдагы жасаган кадамдарынын эң туурасы болду. Себеби, ал бул кадамга өзү барбаса, анда фракциялаштары өздөрү эле аны кызматтан алып түшүп коюшмак. Сыртта качып жүргөн лидердин аларга эмне кереги бар эле? Эми «Эрдик кылсаң, сүрө кыл» демекчи, Бабанов мырза депутаттык мандатын да өз каалоосу менен тапшырып берип, мыйзам алдында кетирген катачылыктары үчүн өз эрки менен жооп берүүгө келгени жакшы. «Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деп өзү айтпады беле, демек, сыртта качып жүрүп жашаганча, өз мамлекетине келип, мыйзам алдында жооп бергени жакшы эмеспи.