Өтүп кеткен февралдын 17-синде көз жарып, «Багыт» деген энчилүү аталышта эң адепки, 1-саны биздин колубузга тийген бул басылма – өлкөбүздүн маалымат айдыңындагы өзүнүн алгачкы кадамдарын таштай баштады. Анын капилеттен “дүйнөгө” келиши – коомчулугубузда ар кыл көз караштарды туудурушу ыктымал. Анткени, гезиттин редакциялык курамынын өзөгүн узак жылдар бою “Фабулада” (мурдагы “Форумда”) үзүрлүү эмгектенип келишкен белгилүү кесипкөй адистер түзүп жатпайбы. Бул гезит дээрлик сатыкка башка гезиттер чыкпаган жуманын ар шаршемби күндөрү чыгып турат экен. Мунусу да окурмандар үчүн абдан жагымдуу көрүнүш.
Кыргыз журналистикасынын кадыр-баркын бийик деңгээлге алып чыгууга зор салым кошкон саясий публицистика жанрынын ана башы, таланттуу калемгер – Баратбай Аракеевди; аттары алысты аралаган таанымал устаттар – Үсөн Касыбеков менен Бөкөнбай Боркеевди кимдер билбейт? Алардын үчөө тең журналистика тармагындагы “КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамды алып жүргөндүгүн эске алсак, маселенин чоо-жайы өзүнөн-өзү эле түшүнүктүү болот го — деген ниеттебиз. “Багыттын” башкы редактору – биздин БГУнун журналистика факультетин мыкты аяктап, буга чейин иштеген гезиттерде салмакталган, калыс жана курч материалдары менен окурмандардын оозуна алынган Айбек Шамшыкеевдин ысмы көпчүлүккө жакшы маалым.
Басылманын өзүнүн болочок окурмандарына багышталган кайрылуусунда, анын бир гана чындыкка, акыйкаттыкка таяна тургандыгы баса көрсөтүлгөн. Бул – абдан туура тандалган багыт. Ошол максаттар менен милдеттер ырааттуулук менен, жүзөгө кынтыксыз, так жана сапаттуу ашырылса, гезитти чыныгы ийгилик коштоп жүрөөрү – турган иш. Биз, окурмандар, буга калетсиз ишенебиз жана “Багытка” ушуну гана каалап кетебиз!
Тилектеш Ишемкулов,
БГУнун журналистика факультетинин профессору