Домой Пикир Садыр иним, 179 миң сом пенсия алган «айбанды» адам катарына кош…

Садыр иним, 179 миң сом пенсия алган «айбанды» адам катарына кош…

224

Урматтуу кыргыз элим, урматтуу Садыр иним!    Эбине келеби же жокпу, терең ойлонгонго убакыт болгон жок, айта турган маселем тумшукка бир бергендей болуп, көзүм умачтай ачылып, бар-жогум билинбей жазып жатканым: Кудай берген жакынкы күндүн биринде телевизордон: «Биздеги эң чоң пенсия 179 миң (!)сом, аны ким аларын айталбайбыз»— деп жатпайбы?!                                            Э кокуй наалаты, мындай шумурай шумдукту ким угуптур?! Дароо эле оозго келгени ушул болду: «Эй, ошончо пенсияны алган адам сымал, ошончо пенсия алган колуң жети жерден чорт сынып кетсин, ичкениң ирим, жегениң желим болуп калсын, алганың аш болбой, кара ташка айлансын!» Адегенде ушинтип бир тийип алып, анан эсти азга жыйнап туруп улантып турганым: «Ушунча пенсияны уялбай алып жаткан колуңду котон жара басып, колуң кашык кармай албай, жатып алып шалпалдата ууртап, ууртаганаңдын көбү бетиңе чачырап, анын ар тамчысында бактериялык жана химиялык куралдарга пайдаланылуучу уу заттар болуп, бетиңди күйгүзүп-куйкалап турсун, бир колуң менен бир бутуң шал болуп жыландай сойлоп кал, аңгыча ашказанда рак ооруң  пайда болуп бакырта оорутуп, жаныңды көзүңө көрсөтүп турсун! Ал аңгыча көтөн чучугуң чубалып геморой болуп, сөөмөйдөй болгон курттар көчүгүңдүн ичин-тышын каптап , мурунуң сифлисттен чирип түшүп, көзүң менен кулагыңдан ириң токтобой агып, өпкөң таза жери жок чирип, кан басымың мына эми жарылчудай    болуп, табарсыгың токтобой күнү-түнү агып турсун… чала уккан кулагыңа Токтайым Үмөталиеванын, Рита Карасартованын, Төлөйкан Исмаилованын, Азиза Абдурасулованын, Чолпон Жакупованын … үндөрү жаңырып турсун! Эбегейсиз пенсия алып турган абийирсиздерге «тилегим» ушул…

Азырынча ушуну менен токтотоюн…

Урматтуу Садыр иним, мен аз пенсия алып, анысы эч нерсеге жетпей кылар айласы жок жүргөндөрдү көп билем, андайларга сан жетпес .Ошолордун ар бири бел түздөбөй, тери  кургабай жер тытып, суусун сугарып, малын багып… өмүр өткөздү го. Эми көргөнү бу- алган пенсиясы 1500 сомдон 3000-5000 сом. Анан калса, Соцфонддун тараткан маалыматында эң аз пенсия — 700 сом экен. Эми бул сумма 179 000 сом эмес да?! Пенсиясы ичкен дарысына да жетпеген кайран карыялар канча дейсиң?!

Садыр иним, сен ошолордун тагдырына чындап күйүп абалын оңдогон бүт күчүңдү жумша. Ал иш сенин колуңдан келе турганыңды далилдеп келатасың: Далай жылдан бери айбандарга иштеп келаткан Кумтөрдү элдин кызыкчылыгы үчүн иштете баштадың, «Манас» аэропортундагы, темир жолдогу, «Мегакомдогу», «Дастандагы» миллиарддарды таап чыктың. «Чыгаан» коррупционер Матраимов баштаган далай шүмүрлөрдү  «куздурдуң», куздуруп жатасың. Сениң ар бир аракетиң элге жакшылык алып келип жатат!

Эми Садыр иним, жанагы 179  миң сом алган «айбанды» адамдардын катарына кошуу жолун издеп тап! Көп пенсия алып уялбай элдин эсебинде жашап жүргөн Отунбаеванын, Жээнбековдун, Жумагуловдун, Шеримкуловадун, Баекованын,  Куловдун… жана буларга окшогон пенсиясы кокодон келгендердин пенсиясын кыскартып, карапайым элдин эсебине кош. Бечара карылардын пенсиясын тезинен көбөйт!  Анан чындилден чыккан сөзүм, Садыр иним, элдин пенсиясын көбөйтпөсөң да эсепсиз көп пенсия алгандардын пенсиясын кыскарткан мыйзам чыгар!

Ишиңе ийгилик!

Баратбай Аракеев