Домой Аналитика Үч «баатыр»: Шамил Атаханов, Чолпон Жакупова жана Ринат Түлөбердиев

Үч «баатыр»: Шамил Атаханов, Чолпон Жакупова жана Ринат Түлөбердиев

126

Шамил Атаханов

Атаханов карыздарынан качан кутулат?

Атамбаевдин аркасы менен багы ачылып, кыска убакыттын ичинде таасирдүү чиновниктердин катарына кантип кошулуп калганын өзү да анча элес албай калган  Шамил Атаханов деген ысым кандуу 7-апрелге чейин кыргыз коомчулугуна анча деле  белгилүү эмес болчу. Бул адамдын багы ошол элдик революциядан кийин ачылды. Ачылмак тургай, вулкан болуп атылды десек да жарашат. ИИМди жетектеп, вице-премьер министр болуп турганда өз билгенин жасап, элдин бир топ эле кыжырын кайнатты.

Ал саясатка аралашканга чейин, тагыраагы, 1990-жылдары Кыргызстанда алгачкылардан болуп, “Кыргызстан” пенсиялык фондун түзүп чыккан. Айтмакчы, жанагы Кыргызстандагы 150 партиянын ичинде Атахановдун “Пенсионерлердин партиясы” деген аталыштагы аты бар, заты жок партиясы да бар. Ал бул партияны бир топ жыл жетектеген. Көп тармактуу бизнес менен шугулданып чоң-чоң ийгиликтерге жетишип, тез эле капчыгы калың адамдардын катарынан орун алган. Анын бир мисалы катары борбор шаарыбыздын чок ортосунда турган “Хаят” мейманканасынын 20 пайыз акциясына ээлик кылууга жетишкенин айтсак жетиштүү болор. Мындан тышкары, ал өз убагында Бишкек экономикалык академиясын да бир топ адамдар менен түзүп чыккан. Учурда аталган академиянын жалгыз кожоюну, себеби өнөктөштөрүн ар кандай ыкмалар менен алдап жолго салгандыгы айтылат. Атахановдун бизнестери муну менен эле түгөнбөйт. Маселен, ал 1995-жылдардан кийин “Марко-Поло” бириккен ишканасын да жакын достору менен түзөт. Албетте, иштин башталышында аталган ишканага бир топ чоң акча сарпташканы белгилүү. Ал ишканасы кийин кирешеси арбын түшкөн чоң ишканага айланат. Бул маселелер боюнча өтө кызыктуу фактылар көп. Бир башына ушунча ишканаларды ачып, анан да напсисин тыя албай калган Атаханов бизнесте бирге болгон бир кездеги досторун алдап, аларга миңдеген долларды бербей, “карызы бардын ырысы бар” деп, уялбай 68 жаштын тамагын ичип олтурат. Шамил мырзанын өтө шар кеткен бизнестери жана андагы мыйзамга туура келбеген окуялары, карыздары тууралуу гезитибиздин кийинки сандарында толук маалымат ала аласыздар.

 

“Чет элдик агент” статусун Чолпон Жакуповага бергиле

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, көзөмөлгө алуу, аларга мыйзамды бузган учурларда “чет элдик агент” деген статус берүү боюнча мыйзам долбоорун “нпочулар” эчактан бери четке кагуу боюнча чоң аракеттерди көрүп келет. Буга чейин президентке жана парламентке бул мыйзам долбоорун кабыл албоо өтүнүчү менен 120 өкмөттүк эмес уюмдар кайрылуу жолдошкон. Мына ошолордун ана-башында “Бир Бол” партиясы менен депутат болуп шайланып келген, өзүнчө эле жулунуп сүйлөгөн Чолпон Жакупова деген аял турат. Ал узак жылдардан бери Американын саясатын кош колдоп, ал жактан “агып” келген арам акчага “Адилет жана укук” деген аталыштагы өкмөттүк эмес уюм түзүп алып, туура маселелерге деле туурадан чыга калып кийлигишип, кыргызды боктоп келгенин жалпы эл жакшы билет.

Чынында Американын акырынан жем жешкен “нпочулар” эчактан бери кыргыз мамлекетинин ички, тышкы саясатына түздөн-түз кийлигишип, көкүрөктү койгулап көрсөтмө берип, улуттук каада-салт жана баалуулуктарды тебелеп-тепсеп, “демократия” деген сөзгө сүлүк курттай жабышып, теңирден тескери саясатты жүргүзүп душмандык кылып келишет. Чокчоңдоп көп учурда орусча сүйлөгөн Чолпон Жакупова эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, ошол эле күнү өлүп берчүдөй өкүрүп сүйлөп жүрөт. Негизинен мындай мыйзам түпкүлүгү Кыргызстанга керек. Андыктан, ажобуз бул маселени колдоого алат деген үмүтүбүз бар. Жакуповага окшогон “нпочулардын” тилеги ташка тийсин. Кудай буйруса, бул мыйзам кабыл алынып калса, анда “чет элдик агент” деген статусту биринчи Жакуповага берүү зарыл. Ал андай статуска абдан эле татыктуу. Азыр ага ансыз деле бул статусту берип койгондор четтен табылат.

 

 

Түлөбердиевден түңүлбөй коюшту

Ринат Түлөбердиев деген эски бийликтин жакшылыгын көп көргөн бир “сырдуу” жигит бар. Ал Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинин тушунда президенттик резиденцияда иштеп, канкор Курманбек Бакиевдин колуна суу куюп, “шеринесине” эки-үч айлык козуларды сойдуруп, тасмалына алыскы мамлекеттерден алынып келген кымбат арактарды койдуруп, күнүгө болбосо да, күн алыс же ажонун “аппетити” ачылган кездерде анын койнуна айыпсыз сулуу кыздарды салдырып, эртеси баш жазарына эчкини саадырып жүргөндүгү арбын айтылып да, гезит беттерине жазылып да жүргөн. Кыскасы, ал эси жок эски бийлик тушунда Бакиевдин сүймөнчүгү болчу. Анан эмне болду? Бул таалайы таштан чоң неме апрель революциясында Бакиевди такыр тааныбаган киши болуп, тез эле, так айтканда резиденциядагы качкын президент жаткан “гарем” бөлмөсүнүн терезесинен “секирип” чыгып, Атамбаев тарапка өтүп кетип, жоопкерчиликтен кутулуп, анын ордуна башкалар тутулуп, ордунда иштеп кала берген. Ага Ак үйдөн бир-эки жыл мурун ишеним көрсөтүлүп, алыскы Түркиядагы Стамбул шаарына генералдык консул кылып узатышканда, жалпы коомчулук жактырбай, анын дарегине жаман сөздөрдү айткан болчу. Ал жакта эмнелердин ичинен чыгып, кандай иштерге башын тыгып келгенин (кылыктары менен былыктары кийин деле ачыкка чыгаар) ким билсин, айтор жакында эле ал кызматынан бошоп келип, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалды. Мына сага, азыркы бийлик Түлөбердиевден эч эле түңүлбөй койду го. Бизде моралдык укук деген эч эле иштебейт. Айла жок, “алтын кадрларга” карк болуп, “карт” кекирип жүрө берет экенбиз да.