Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты Баяман Эркинбаев 2005-жылы өз үйүнүн жанынан атылган болчу. Кийин аны аткан Сабыркул Батыров деген кармалып камалган. Аны 2011-жылы 19-колонияда өлтүрүшкөн. Эми ошол киллерди өлтүргөн дагы бир киллер кармалып камакка алынды. Азыр ал СИЗО-50дө камакта жатат. Азырынча анын аты жарыя боло элек.