Домой Маданият «Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү (уландысы)

«Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү (уландысы)

360

(Башы өткөн сандарда)

Мынакей, киши тагдырлары аркылуу туулган жердин калыс, чынчыл, болгонун болгондой таасын көрсөткөн объективдүү картинасы деп ушуну айтыш керек. “Агындылар”- Ат-Башынын өзүнчө бир көркөм энциклопедиясы сыяктуу. Эң негизги нерсе, автордун балалык тагдырына жуурулуштура көрсөтүлгөн Ат-Башынын тагдырынын чынчыл сүрөтүн көрүп окугандан кийин окурман туулган жердин таржымалынан кандай сабак — осуятты алам, учкан уямдын кыйшыгын кантип оңдойм, ийрисин кантип түзөйм, үзүлгөнүн кантип улайм, чачылганын кантип жыйнайм, асылын, артыгын кантип сактайм, эмнени аяп, эмнени коргойм, (албетте, Канымгүл чоң эненин рух маданиятын коргоо керек), мен өзүм киммин, Ат-Башым кайда баратат, “устаранын мизинде оодарылган заманда” (Арстанбек) элимдин, жеримдин мындан аркы тагдыры кандай болмок, кайсы стратегияны карманам?- деген сыяктуу проблемалуу суроолор менен тогуз толгонууга аргасыз болот. Биздин оюбузча “Агындылардын” кундуулугу, башкы жемиши окурмандын жан дүйнөсүндө дал ушундай эффектини жарата алгандыгында. П.Чаадаевдин жогорудагы мекенге “чындык, акыйкат менен жөлөк-таяк болуу” жөнүндөгү патриоттук насыйкатын “Агындылары” менен дал ушул Ш.Дүйшеев аткарган экен го. Ат-Башынын социалдык, рухий-маданий бейнеси-Кыргызстандын бейнеси. Ар ким андан өз районунун сүрөтүн көрө алат. Ал эми чет өлкөлүк интеллектуалдар болсо “Агындылар” аркылуу (эгер которулса) белгилүү бир географиялык чөлкөмдө, коомдук мамилелердин белгилүү бир тарыхый системасынын алкагында өтүп жаткан кыргыздардын жашоо образын, менталитетин, ошол системанын продуктылары-белгилүү бир адамдык социалдык типтерди, (алды жакта аттары саналып өткөн кейипкерлерди эске түшүрүңүз), бир сөз менен айтканда, Ат-Башы деген жердеги дүйнөнүн абалын, чоо-жайын (состояние мира) көрүп, ой толгоп, акыл тегеретишери шексиз.

 

10. Чеч-Дөбөнүн бийигинен

“Агындыларга” салмак берип турган орчундуу нерсе, чыгармадагы турмуштук көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, факты-окуялардын автордун кулач керип, обого көтөрүлгөн көсөм акыл-эсинин, чокудан серп таштаган кең көз карашынын оңутунан каралып, илгери өскөн интеллектуалдык маданиятынын жарыгы менен нурдандырылгандыгында. Карап турсаң, Ш.Дүйшеев “Агындыларда” бирде Ат-Башыдагы турмуш бир жагынан прогресс деп алдыга жылып бараткандыгы, экинчи жагынан элдик адеп-ыймандын чет-четинен кетилип, кедери кетип жаткандыгы (буга “Агындыларда” мисалдар абдан көп), мындан улам цивилизация менен көчмөн дүйнөнүн Теңир-Тоодогу кагылышы жөнүндө толгонуп турган философ, бирде тоо арасындагы өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү (самосознание) ойгоно элек, өзүнө өзү сын көз менен карай элек, табияттын баёо пенделерине — Эшмат-Ташматтарына (Таласка кудага баргандар.-177-178-б.), мурутунан жылмая караган, өзүн олуттуумун деп эсептеген каармандын жүрүм-турумунан жана речинен (Мисалы; Болотакун) тескерисинче, комедияны көрүп, тымызын бийиктен ирониясын кыйыткан интеллектуал, бирде бирөөлөрдүн ташбоор карасанатайлыгынын айынан “туяктары тыбыраган сайын жарылган кардынын каны-жини жерди көздөй эшилип, тура калайын деп туралбай, айласы түгөнүп, чанагынан чыгып бараткан көзү аңтарылып, “жардам берип коё аласыңарбы?” дегенсип көчөнү тиктеп, башын жерге чапкылап, коркурап, онтоп, кыбыр эткен сайын каны көлдөп, канга чыланып, кыймылдаган сайын ичи аңтарылып, өпкө-жүрөгү салаңдап, эки таноосунан ысык буу эмес, кан диркиреп, каны менен жаны диркиреп, каректери канталап, оозунан көк буу көтөрүлүп, өлүп бараткан курган эшекти” аяп, ыйлап турган гуманист-Асан Кайгы, бирде кичинекей балдарга аяр кароого чакырган психолог-педагог, бирде элди эл, жерди жер, улутту улут кылып турган түптүү түбөлүктүү кенчтерди (Ат-Башылык ак калпакчан аксакалдардын адеп-ахлагы) көрүп турган көрөгөн, бирде “-О, кокуй белим!- деп коюп, томолонуп арыктын жээгине торпок аркандап, короодогу уйдун жампасын жайып, келини таң атпай саап, бышырып кеткен сүттү айран кылып уютуп, чоң таштекке суу коюп алып, кечээ кырккан койдун жүнүн шакмарынан арылтып чылап, ал арада неберелеринин улам сийген колготкисин улам жууп жайып, анан “күн түш болгончо уктаган” балдарын ойготуп, самоор жагып, келини иштен келгенче үйгө баш-көз болгон”, (“Агындылар”,-220-бет) тоолук кемпирлер, кийин “балпайып бадырактай болуп, жүздөрүнөн наары, берекеси төгүлүп, үй менен толтура болуп” уул-кыздын төрүндө отурган ошол байбичелер менен Европанын карыганда көп учурда балдары туруп жөлөп-таяры, багар-көгөрү жок жалгыз калган кемпирлерин салыштырып, чыгыш-батыш рух цивилизацияларынын ортосундагы мындай контрастан улам бушайман болуп турган культуролог. Шайлообек тууган жердин жапызы менен бийигин курч көздөрү менен көрүп, Ат-Башынын тоолорун, талаа-түзүн айланып учуп жүргөн бүркүттү элестетет. Эгерде Ш.Дүйшеевде ушундай бийик “бүркүт караш” болбосо, сүрөттөлүп жаткан турмуш көрүүнүн ушундай бийик сересинен нурландырылбаган, жандандырылбаган болсо, анда калемгерибиздин “Агындылардагы” жазгандары “боортоктоп сойлогон” эмпирияга айланып калышы мүмкүн эле. “Агындылардын” артыкчылыгы-анын авторунун турмуш чындыгына учкан куштун бийиктигинен (с высоты птичьего полета), образдуу айтканда, өзү жазгандай, Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнүн чокусунан карай билген интеллектуалдык кудуреттүүлүгүндө.

 

11. “Агындылардын” артыкчылыгын шарттаган факторлор

Эми кептин соңунда мобу өзгөчөлүктү белгилейли. Жакшы чыгарманын жаралышынын шарты-албетте, тубаса талант. Жазуучулук сөзмөрлүк, чечендик жөндөм менен сүрөтчүлүк касиеттин Ш.Дүйшеевдин талантында бактылуу айкалышкандыгын жогоруда айтып өттүк. “Сөз-менин кистим, боёй турган боёгум” деп автор дагы айтып атпайбы (Де-факто, 23.04.2014). Бирок мыкты чыгарма жаратыш үчүн бу да жетишсиз. Мындай сейрек касиетке жашоого, дүйнөгө терең жана кенен караган бийик көз караш, философиялык масштаб жуурулушуп турушу зарыл. Ага дагы турмуштун “ичеги-кардын” сыдыра, “тогуз катын” аңтара билген реалисттик чынчылдык кошул-ташыл болмогу шарт. Бактыга жараша, биз Ш.Дүйшеевдин автордук-инсандык феноменинде дал ушул сапат-касиеттердин “бир жеңден кол, бир жакадан баш” чыгарып турганына өйдөтө күбө болдук. “Агындылардын” ийгилигин автордун личностунун дал ушундай оригиналдуулугунда жатат.

Бирок да автордун чыгармачыл индивидуалдуулугунда дагы бир кайталангыс касиет болбогон болсо, “Агындылардын” тузу бир жагынан катуу кемип турмак дегибиз да бар. Ал кайталангыс касиет-Ш.Дүйшеевдин болжолдо жок сырчылдыгы (предельная искренность). Мелис Карыбековдун “Шайлообек Дүйшеевдин мүнөзү жаш баладай, ал өмүр бою бала боюнча калат,” деп айтканы бар. Чыгарма жазып жатканда дал ушундай баладай болуу, бала боюнча калуу, айрыкча керек нерсе. Жазып жаткан нерсеңе балача баш отуң менен кирип кетүү, баланын түздүгү, тикелиги менен сүйлөө, балача күлүп, балача ыйлап, материалга балача бакырая карап жазуу бактылуу таланттын гана колунан келчү жосун. “Агындылардагы” Ш.Дүйшеевдин көркөм сөзүнүн ушундай сырчылдыгы, чын жүрөктүүлүгү, күйүп-бышкан эмоциялуулугу, баланыкындай көңүл түпкүрүнөн атылып чыккандыгы менен окурманды арбап, ишендирип, артынан ээрчитип кетет. Автор өзү да жогоруда бул чыгармасын “душамды дуулдатып, жанымды жанып олтуруп жаздым” деп сырын ачып отурбайбы. Жадегенде персонаждарды автор өзү сыртынан мүнөздөгөндө да, жанын таштап жиберип сыпаттагандыктан, автордун табигый чыккан кебине муюп турасың (бул жагынан бир эле китептин 91-бетиндеги Сейитбек төкөр чалдын мүнөздөмөсүн окуп көрүңүзчү, автор сүйлөбөй эле Сейитбек абышка өзү жөнүндө өзү айтып берип жаткандай туюлат). Кыскасы, автор сүрөттөй турган нерсесине балача берилип, коргошундай көлкүлдөп, “жанын жагып” отуруп жазгандыктан “Агындылар” жарыкка кадимки киши сыяктуу “тирүү” төрөлүп, окурмандын алдында от болуп күйүп, ой-сезимдерибизге жарыгын чачыраткан орошон чыгарма болуп отурат.

Акырында, “Агындылардын” жанры жөнүндө бир ооз сөз. Адегенде Ш.Дүйшеевдин өзү жөнүндө момундай айтканын тыңшайлы: “Мен өзүмдү калыпка да, эрежеге да салып көрдүм. Бирок бир дагы эрежеге сыя албай койдум”. Ичинде удургуган, буулугуп- булкунган албуут күчү бар, жан-дүйнөсүндө бороон-бурганак жүрүп турган талант, козголоңчул азоо рух ар дайым көнүмүш чен-өлчөмдөргө сыйбагандыгы менен айырмаланып келген. Ш.Дүйшеевдин жанагындай калыпка сыйбаган оригиналдуу чыгармачыл личносту-өзүнө окшогон, демейки адаттагы жанрдык канондорго жана нормаларга сыйбаган бир бөтөнчө чыгарманы “төрөп” таштаптыр. “Агындыларда” образдуу айтканда, ретроспективдик эске түшүрүүлөрдүн “жамгыры” тынымсыз “ак жаан” болуп окурманга төгүлүп турат. Эсепсиз көп, жайнаган майда глава-“жылдызчылар” китепте ирээтсиз чачылып жаткансыганы менен зилинде “Ш.Дүйшеевдин өмүр жолу” деген өзөк-“планетаны” айланып тургандыгы кашкайган чындык. Китептин бетине таруудай чачылган түркүн баян-окуялар, жорук-жосундар, Ат-Башынын ичинде айтылган алиги жомоктор, икаялар, притчалар, созулган обондор, ырдалган ырлар, чертилген күүлөр, айтылган Манас, аңгемеленген адеп-ахлак, ажайып жаратылыш-бардыгы Шайлообектин адам болуп калыптанышына катышкан, “Агындылар” роман жанрын, эссе, публицистиканын касиеттерин бири-бирине жуурулуштура синтездеген кыргыз адабиятындагы бир бөтөнчө жанрдык симбиоз-жаңылык катары кабыл алынганыбы дейбиз. Бир жагынан Табылды Эгембердиевдин “Агындыларды” “Кара сөз менен ырдалган поэма” дегени да туура. Анткен менен иштин маңызы, чынында чыгарманын тигил же бул жанрга таандык экендигинде деле эмес. Кеп чыгарманын жанрында эмес, затында, маңызында, мазмунунда. Кеп анын кызыктуу китеп экенинде, окумдуулугунда, адамды өзүнө магниттей тарткан кереметинде. Жанры жөнүндө не дебейли, “Агындылар” ырасында, дал ушундай сапаттагы китеп. Аны азыр шофер да, кароолчу да, журналист да, врач да, мугалим да, профессор да, базардагы соодагер да, үйдөгү пенсионер да, бизнесмен да, депутат да, молдолор да, балдар үйүндөгү жетимдер да, лаборанттар да, студенттер да, милиционерлер да, шаар менен айыл баса калып окуп жатат. Китептин бактысы-анын ушинтип окулушунда го. Макалабызды автордун өзүнүн төмөнкү сөзү менен аяктагыбыз келет: “Күндө телефон чалып китеп сурашат. Китеп сурай берип, телефондун жанынан чыкпай калдым. “Агындылардын” баасы 6 миң сом деп каңырыш угуп алып, ага болбой эле 6 миң сомун салып алып, мени таап келген киши — 71 жаштагы аксакал болуп чыкты. Жазуучулук турмушумда мынчалык жыргаган учурум болгон эмес. Ушинтип китебиңди окуйм дегендер үйүңө чейин издеп келип турса, жазуучу үчүн мындан өткөн бакыт болобу?!” (“Де-Факто”, 25.04.2014).

(Аягы)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору